2021-жылды “Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо” жылы деп жарыялоо сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда бизнес-акыйкатчысынын орун басары Нурлан Мусуралиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, президенттин м.а. Талант Мамытовго бизнес-акыйкатчы тиешелүү кат менен кайрылган.
“Катта 2021-жылды «Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо» жылы деп жарыялоо сунушталган. Анткени системдик өзгөрүүгө өзгөчө маани берилип, реформа жүргүзүүгө кезек келди деп эсептейбиз”, – деди Нурлан Мусуралиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ