Эс алуучу мекемелерде пансионат, курорт, санаторий, лагерь жана башка жерлерде текшерүү жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Медетбек Маметов маалымат жыйында билдирди.
“2019-жылдын 1-январында ишкерлик субъекттерди текшерүүгө киргизилген мораторийге байланыштуу эс алуучу мекемелерде пансионат, курорт, санаторий, лагерь жана башка жерлерде текшерүү жүргүзүлбөйт”, – деди Маметов.
Ошондой эле, баардык эс алуучу жайларында турмуш тиричилик таштандыларды чогултуу үчүн атайын контейнерлер орнотулган. Жана чогултулган таштандылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз убагында чыгарылып турат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ