Юрист, экс-прокурор Сыймык Жапыкеев Facebook социалдык тармагында быйыл, 2010-жылдагы апрель револициясына 10 жыл болоорун белгилеп, ошол кездеги убактылуу өкмөттөн отчет алыш керектигин айтты.
“Апрель революциясына 10 жыл болот. Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнөн “Эмне кылдыңар?” деп сурайбыз. Мына революция болду. Каяка бардык? Өсүп-өнүгүп Сингапур же Ташкент болуп кеттикпи?! Тажикстандан артта калдык. Ошто оң миң адам чогулуп алып кара жорго бийлейсиңер. Азыр кара жорго бийлечү маал эмес. Мына, кыздарыбызды Россияда сойку кылып жатышат. Чет өлкөлүктөр балдар кыздарыбызды алып кетип жатат” – деп ачууланды.
“Качан антикоррупциялык чоң казатка чыгабыз? Президентти тузакка алышты. Достор, саясатчылардын бардыгын укпагылачы. Жогорку Кеңеште мурдагы рэкет, кылмыш иши бар, алдамчы адамдар олтурат. Канча деген кан соргучтар отурат? Керек болсо, фамилияларынан бери айтып коем” – деди Сыймык Жапыкеев.
Мындан сырткары Сыймык Жапыкеев элге кайрылып, коомчулукту биримдикке чакырды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ