Menu

Тез жардам кызматкери бейтаптарды 300 еврого өлтүрүп жүргөн

Бөлүшүү:

Италияда тез жардам кызматынын санитары кармалды. Ал көмүү бюросу (похоронное бюро) мафиясына байланышкан тапшырыктар менен бейтаптарды өлтүрүп жүргөн. Бул туурасында дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 42 жаштагы кылмышкер Катания деген шаардан. Ал инъекция учурунда оорулуу бейтаптарга ийне менен аба киргизген. Жыйынтыгында алар артериялардын кысылуусунан улам каза табышкан.

Бейтаптар өлгөн соң, санитар шок абалында турган жакындарына келип мафия менен байланышкан көмүү конторасынын кызматтарын сунуш кылган. Ар бир клиент үчүн ал 300 евро алган.

Тез жардам кызматкери атайылап улгайган жана айыкпас дартка чалдыккандарды тандаган. Алардын өлүмү күмөн саноого алып барчу эмес жана изилденип, текшерилбеген.

Quotidiano басылмасынын билдиргенине караганда кылмышкерди 2014-жылдан 2016-жылкы убакка чейин 3 адамды өлтүрдү деп айыташууда. Бирок укук коргоо органдары анын колунан дагы көп киши өлгөн болушу мүмкүн экенин жашырышпайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: