Menu

Астана кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү тартибин жеңилдетет

Бөлүшүү:

Астана өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизет. Ага ылайык, Кыргызстан жарандарына Казакстан аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул туурасында «Новости–Казахстан» маалымат агенттиги билдирет.

Азыркы эрежелер боюнча казак жарандары Кыргызстанда каттоосуз 30 күн жүрө алышат. Кыргызстандыктарга болсо беш күндүк гана уруксат берилген.

Евразиялык экономикалык биримдиктин эмгек миграциясы боюнча департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Самат Алиевдин айтымында, каттоосуз 30 күн жүрүүгө жол ачкан протоколдун долбоору даярдалды.

Өткөн айда Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев ЕАЭБдин нормаларына ылайык, Казакстан кыргызстандыктарга 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат бериши керектигин билдирген. Аткаминер казак тарап бул маселени чечүүнү кечеңдетип жаткандыгын кошумчалаган.

Казакстан Ички иштер министрлигинен кабарлагандай, өкмөттөр аралык протокол кол коюу үчүн даяр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: