Бүгүн, 6-июнда, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КМШ Аткаруу катчысы Сергей Лебедевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
КМШ Аткаруу катчысы Сергей Лебедев Сооронбай Жээнбековго эртен, 7-июнда, Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ өкмөт башчыларынын кеңешмесин өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Жолугушууда КМШ өкмөт башчыларынын кезектеги кеңешмесинин күн тартиби талкууланды. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн башка маселелер боюнча пикир алышуу жүрдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ