Menu

Сооронбай Жээнбеков ИИМ башчысына айрым кылмыштардын бети ачылбай жаткандыгын эскертти

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы дайындалган Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, ички  иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле ведомстводогу жүргүзүлүп жаткан реформалар маселеси талкууланды. Министр ошондой эле өкмөт башчыга кылмыштуулукка, экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү күчтөндүрүү, кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштер тууралуу маалымдады.

Жээнбеков министр Жунушалиевдин көңүлүн коомчулукта кеңири талкууланган пикирге, же айрым кылмыштардын бети ачылбай жаткандыгына, өзгөчө, жарандарга карата талап-тоноо максатында кол салуу кылмыштары ачылбастан калып жаткандыгы тууралуу маселеге бурду. Премьер-министр бул багыттагы ишти күчтөндүрүүнү тапшырып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишинен жарандардын бийликке болгон ишеними көз каранды экендигин белгиледи.

«ИИМ алдындагы негизги милдет коомчулуктун милицияга болгон ишенимин жогорулатуу болуп саналат. Бул иш ар бир милиция кызматкери өз милдетин так, таза аткарганда гана ишке ашат», – деди Жээнбеков.

Өкмөт башчы министр Кашкар Жунушалиевдин алдына ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ар кандай коркунучтарга жана чакырыктарга натыйжалуу мамиле кылуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, жеке курамдын арасындагы тартипти бекемдөө, адистерди кесиптик жактан даярдоо  маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле, «Коопсуз шаар» долбоорунун айланасындагы кырдаалды иликтеп чыгып, жакынкы аралыкта маалымат берүү милдеттерин тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: