Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер аталып жаткан Дональд Трамп өлкөгө мусулмандарды киргизүүгө тыюу салуу чакырыгын кайрадан кайталады. Би-Би-Си кабарлагандай, бул туурасында ал Флоридада болгон кол салууга байланыштуу пикирин билдирүү маалында айтты.
«Орландодо болгон окуя – башталышы гана. Бийлигибиз алсыз жана ишибиздин натыйжасы жок. Азыр биз катаал болушубуз керек”, – деп жазды ал Твиттердеги баракчасына.
Орландо шаарындагы гей-клубдагы атышуудан 50 адам каза тапкан. АКШ тарыхында бул сыяктуу кол салууларда мынчалык көп адам набыт кеткен эмес.
Расмий маалыматка караганда, гей-клубга кол салган адам – Омар Матин. Ал ооган тектүү АКШ жараны жана Флорида штатынын жашоочусу, 29 жашта.
Америка бийлиги гей-клубга кол салуу идеологиялык негиздеги кылмыш болушу ыктымал деп билдирди. Анткен менен атайын кызматтын Омар Мартиндин экстремисттик топтор менен байланышын тастыктаган эч кандай маалыматы жок.
АКШ президенти Барак Обама атайын кызмат Омар Мартиндин экстремисттик топтор менен байланышы болгон-болбогондугун аныктоо үчүн бардык аракетти жасашы керектигин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ