Игорь Чудинов депутат болоордун астында Кудайды карабай туруп калп айткан. Бир эки мисалына келели, «Биздин программабызда бир канча реформаларды жасоо каралган. Ошондой эле аларга каражатты кайдан табууну жолдору да жазылган» – деп урдурган Игорь Чудинов бул калпын кантип чындыкка айлантаарды ойлонгон да жок. «Бир- Бол» фракциясы ушу тапта өкмөткө расмий реформалык программа сунуштай элек. Ал эми «өкмөттөгү министрликтердин санын тогузга кыскартып, 7 млрд. сомду үнөмдөп, аны айыл-чарбага жумшасак болот. Мисалы, бир эле айыл-чарба министрлиги жылына 1 млрд. 200 млн. сарптайт. Бирок, эч кандай аткарган иши жок, эч кайсы өндүрүштү башкарбайт» -дегени да былжыр кеп бойдон калды. Ал ортодо айткан сөздөрүн аткарууну эмес, курулуш компаниясын кантип гүлдөтүүнү ойлоп, башы маң болууда. Деги ушул Чудиновдун мамлекеттин тагдырын чечүүгө канчалык зарылчылыгы бар эле. Анын кайсы кызматы үчүн Кыргыз бюджети айлык төлөп атат. Ушундайлардан тазаланбайлыбы?..
Булак: «Де-факто»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ