Menu

Депутат Макеев мат болгондо

Бөлүшүү:

ЖКнын фискалдык комитетинин төрагасы, чылгый бизнесмен Нурлан Макеев ЖКнын жыйынында кесиптеши Аида Саляновадан катуу кагуу жеди. Тагыраагы, жалаң курулуш магнаттарынын кызыкчылыгын көздөгөн жаңы мыйзам долбоору талкууланып жаткан чакта Аида Салянова парламенттеги мыйзамды караган комитет башчылары курулуш компанияларынын кызыкчылыгын көздөп жатканын айтып, “Бул мыйзам аркылуу ансыз да мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүп келгендер дагы жеңилдиктерди алып, башаламан курулуштарды курушат” – деген.

Ушул учурда  бул сөздү түз өзүнө алган Нурлан Макеев кызаңдап эле туурадан чыкса болобу. Кайым айтыш күчөп, экс-баш прокурор айым комитет башчыга мыйзамдарды билип туруп  сүйлөө керектигин, айым менен  ажылдашканга жараша шымдын ордуна юбка кийип жүрүүсүн айтып, жаңы депутаттын жаагын жап кылды.

Ошону менен өзүн “Кыргызстан” партиясынын “алтын мүчөсү” катары сезип, очойгон комитетти башкарып отурган Нурлан мырзанын маанайы нөлгө түшүп, күчүн чылымдан чыгарып жөн болду.

Булак: “Фабула”  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: