Ош, Баткен жана Исфана шаарларын бириктинген Көк-Талаа-Пүлгөн унаа жолунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү билдирди.
24-июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн ишенимдүү өкүлү Яап Ора баш болгон бир катар жетекчилердин катышуусунда аталган жолдун расмий ачылышы болот.
Көк-Талаа-Пүлгөн унаа жолун Транспорт жана коммуникация министрлиги менен Европа Биримдиги каржылаган. Бул багытта Европа Биримдиги 7,69 миллион евро грант бөлүнгөн. Курулушту Кытай жол жана көпүрү куруучу корпорациясы менен ашырып, иштер 2012-жылдын ноябрь айында башталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ