Menu

Кызматынан былкылдабай 5 премьер-министр менен иштешкен Бороновдун сыры эмнеде?

Бөлүшүү:

– Мен билгенден сиз соңку 5 жылдан бери өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан “ат алмаштырбаган”, 5 премьер-министр менен иштешкен жалгыз министр экенсиз. Албетте, көз тийбесин, бирок, 5 жылдан бери өкмөт башчылары алмашса да “ат которбой”, кызматыңызда былкылдабай отурганыңыздын сыры эмнеде?

– Ар бир жылы өкмөт алмашкан сайын башында чындап эле мага да кызык болчу. Өкмөт отставкага кеткен сайын башында 15 күндөй олку-солку абалда калып, “мындан ары иштейминби же кетемби” деген санаркоо менен жашап каласың. Үч-төрт жолу өкмөт курамы алмашкандан кийин менде кандайдыр бир тынчсыздануу деле болбой калды. Аягында көнүп, көңүл бурбай деле калдым. Маселен, соңку ирет өкмөт алмашканда, мен Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө командировкада болчумун. Мен командировкадан келгиче өкмөт кетип, жаңы премьер баштаган курам иштеп калышыптыр. Туура, кээде айрым депутаттардан, саясатчылардан “өкмөт курамынан Кубатбек Боронов көптөн бери иштеп жатат. Ал өйдө жакка каршы пикир айтпаса, алардын айткандарын кылып жүрө берсе, министрликте калат да, тил алчаак министрди ким алмак эле?” дегендей кептерин угуп калам. Биздин саясатчылар, ошол эле депутаттар аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин айырмасын түшүнбөй жатышат. Аткаруу бийлигине келдиңби, ырас, иштеш керек. Өкмөт курамы бирөөгө ыксыз сын айтып, бирөөнүн кемчилигин издеп, саясат, интрига менен алектенген туура эмес. Кызматта турганымдын жөнөкөй эле сыры, иштеш керек. Аткаруу бийлигинде иштеп жаткандан кийин мойнуңа коюлган тапшырманы так аткарып, жогору жактан тапшырма күтүп эле отура бербестен аракет кылып, эл алдындагы жоопкерчилигиңди моюндап, ар кандай ушак, интригаларга аралашпай кызматыңды татыктуу аткарсаң эле ишеним болот да. Анан калса, биздин аткарып жаткан жумушубузду урматтуу президентибиз баш болуп, парламент депутаттары көрүп турушат. Азыр кайсы кадр болбосун, анын кызматын бат-бат алмаштырбай, ордунда көп жыл иштесе, ишинен майнап чыгаарын баары эле түшүнүп, билип калышты.

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: