Menu

Таластыктар жаңы губернатору Кенекеевге ичи жылыбай турушат

Бөлүшүү:

Буга чейин бир катар кызматтарды аркалап, бирок артынан жакшы сөз ээрчибеген Дайыр Кенекеев деген жигит аз күн мурда эле Таласка өкмөттүн өкүлү болуп барды. Жаңы жетекчини таластыктар деле кубанып тосуп алышкан жок. Жергиликтүү эл “жулмалашып жатып мурдагы губернатор Б.Жуманазаровду араң кетирсек, анын ордуна дагы бир жумуру баш келди” – деп нааразы болуп туруптур. Анан дагы элдин кыжырын келтиргени Кенекеевдин кыргыз тилин жөндөп сүйлөй албаган “киргиз” мүнөзү экен. Албетте, айылдагы карапайым элге ошол жердин шартын түшүнгөн, жөнөкөй, жарандар менен тил табыша билген жетекчинин болгону дурус эмеспи. Анан шаардан бара калып, “это, мето” деп элдин эсин оодарып отурса, кимге жакмак эле? Минтип таластыктар Кенекеевге азыртан ичи чыкпай жатса, анын бул кызматта көпкө отураары күмөн шекилдүү. Эртерээк жумушун жөндөп, кыргызча сүйлөгөнгө өтпөсө күнү кыйын болчудай…

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: