Бүгүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү кызыл китепке кирген мадылды Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна жиберүүгө катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Сейрек кездешүүчү бул жаныбарды Мамэкотехинспекциянын штаттан тышкаркы кызматкерлери жана Nabu уюмунун өкүлдөрү Кочкор районунда жергиликтүү тургун тарабынан мыйзамсыз кармалгандыгын аныкташкан. Ага ылайык, адистер тарабынан мадылдын акыбалы начар болгондугу аныкталып, Бишкекке жеткирилген. Борбор калаада аны калыбына келтирүүнү Nabu эл аралык жаныбарларды коргоо уюму колго алып, жаныбарды сактап калышкан. Бүгүн мадыл Ананьеводогу калыбына келтирүү борборуна жөнөтүлдү. Ал жерде ден соолугу калыбына келгенче кармалып, андан соң эркиндике коё берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ