Menu

Аликбек Жекшенкулов: “Балдарымды саясатка аралаштырбаганга аракет кылам”

Бөлүшүү:

Эл көзүндө жүргөн саясатчынын иши элге канчалык маанилүү болсо, ал адам тууралуу билүү да кызык эмеспи. Аликбек мырза да саясаттан сырткары кызыктуу маек берди.

– Аликбек мырза, ар бир адам өзүнө жаккан кесипти аркалагысы келет эмеспи. Элчилик сиз үчүн кандай кесип?

– Мен адамдын маңдайына тагдырын жазып коёт дегенге ишенем. 1980-жылдары болсо керек, биринчи жолу Ишенбай Абдуразакович Жапонияда иштеп жүргөндө, эмгек өргүүгө чыгып, биздин үйүбүзгө конокко келген. Анда Ишенбай агай жаш, кычырап турган кези болчу. Ал кишини көрүп, балалык кыялым менен “ушундай адамдарга окшош болсом” деген ой пайда болгон. Ал киши атам менен классташ эле, Фрунзе шаарындагы №5 мектепте чогуу окушкан. Эгемендүү мамлекет болгондо кийин менин да тагдырым өзгөрүп, кудайдын буйругу менен дипломат болуп калдым. Ойлобогон нерсе ишке ашып калды. Кыргыз дипломатиясынын туу чокусуна жетип, тышкы иштер министри да болуп иштедим. Азыр болсо профессор катарында жаштарга сабак берип, өзүмдүн буга чейинки алган билимимди, тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүп жатам. Жаш муун менен аралашуу, баарлашкан мага кызыктуу.

– Ата-энеңиз кандай адамдар эле? Кимисине көбүрөөк эркелечүсүз?

– Атам менен апам экөө тең жогорку билимдүү кишилер эле. Атам техникалык илимдердин кандидаты, политехникалык институтта декан болчу. Апам болсо соода тармагында көп жыл үзүрлүү иштеп, дүкөндөрдө директор болгон. Алар өздөрүнүн принциптерин бекем сактаган адамдар болчу. Мени апам аябай эркелетчү. Алар мага көп деле катуу айтчу эмес, анткени мен алардын сөзүн угуп, айткандарын эки кылбай аткарчумун.

– Саясатчы болгонго чейинки турмушуңуз менен саясатчы болгондон кийинкиси кандай өзгөрүлдү?

– Саясатчы болгонго чейин мен ар кайсы жумуштарда иштеп, чиновник болгом. Ал кезде колуман келишинче профессионалдык дэңгээлимди жогорулатып, тапшырмаларды так аткарганга аракет кылчумун. Саясатчы болгондон кийин, өзүнчө максаттарды коюп, жоопкерчилигиңди сезип, сөзүң менен ишиң дал келгенге аракет кыласың. Активдүү саясатта жүргөндө 15-16 саат иштечүмүн. Азыркы ишиме 8-9 саат жетет. Бош убакытта китеп окуп же болбосо интернеттеги маалыматтардан кабардар болуп турам.

– Саясаттан чарчаганда кантип эс аласыз?

– Саясатта болобу же кызматта болобу, иштин баарын тил менен бүтүрбөй, тартипти бекем сакташ керек. Адамдык бийик сапаттар да маанилүү орунда турат. Иштеген ишиңе жан дилиң менен берилип, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, элди ойлоп, уят болбоюн деп аракет кылсаң, сөзсүз ийгилик болот. Кээде мен саясаттан чарчаганда тоого чыгам, спорт залга барам, ат минем, балдарыма кошулуп алып ойнойм.

– Балдарыңыз сизге жакынбы?

– Бир ата-энеден болсо дагы, ар бир баланын мүнөзү, кыялы, шык-дарамети ар кандай болот эмеспи. Уулдарымды тартиптүү, адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү болууга чакырам. Керек болгондо кеңештеримди берип турам. Ал эми кыздарга болсо аябай аяр мамиле кылам. Кыргызда илгертен бери келе жаткан кеп бар эмеспи, “кыздын кырк чачы улуу” деген. Ошол эле кезде мен балдарымды көп эркелетпейм, бирок неберелеримди эркелетем. Кудайга шүгүр, балдарымдын баары билимдүү, ар бири 4- 5тен тил билет, ар бири адистиги боюнча иштеп, профессионалдык дэңгээлин өстүрүүгө аракет кылышат. Мен аларды кичинекей кезинен бери эле эч кимге көз каранды болбой жүргүлө деп үйрөткөм. Бир нерсени баса белгилеп коеюн, мен балдарыма эч качан өз пикиримди таңуулабайм. Алар өзүлөрү кеңеш сурап турушат. Бирок сөзүмдү эки кылышпайт. Ал эми куда-сөөктөрүм жакшы, алар менен сылык жана сый мамиледебиз.

– Саясатчылардын көбү бул тармак оор экендигин айтып, балдарын аралаштыргысы келбейт го. А сизчи?

– Менин оюмча, ар бир бала өзүнүн жолун, тагдырын өзү тандап, ошого жараша иш алып барышы зарыл. Мен дагы балдарымды саясатка аралаштырбаганга аракет кылам. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде саясат өтө туура эмес жолго түштү. Акты кара деп, караны ак деп, уруучулук, саткынчылык, туруксуздук, адилетсиздик өңдүү айрым саясатчылардын терс сапаттары эл арасында саясатчыларга ишенбөөчүлүктү жаратты. Мындай шартта балдар саясаттан алыс болсо экен деп ойлойсуң.

– Балдарыңыз материалдык жактан камсыз болсо керек, алардын каалаган кыялы орундалат деп түшүнсө болобу? Байлык менен бийлик адамды бактылуу кыла алабы?

– Сөзүмдүн башында белгилеп кеткенимдей, материалдык жактан жетишкен үй-бүлө болсок дагы, мен балдарды көп эркелетпейм. Напсиңерди тыйып, ар убак жөнөкөй болгула деп дайым айтам. Акча жагынан ар бирөө өз үй-бүлөсүн багууга, каалаган кыялдарын өзүлөрү чечкенге үйрөткөм. Бүгүнкү күндө кез-кезде өзүлөрү бизге жардам берип турушат. Эми өзүңөр билесиңер, менин башыман далай нерселер өттү. Кыргызда макал бар эмеспи, “Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет” деген. Так эле айтып коеюн, байлык менен бийлик адамды бактылуу кыла албайт. Дүйнө жүзүндө менин сөзүмдү тастыктаган мисалдар толтура. Андай мисалдар биздин мамлекетибизде дагы бар, аз эмес. Миллиарддарды жыйып, бийликтин туу чокусуна жетип, кийин кыйын, бактысыз жашоодо өткөн адамдар бар. Бакыт деген эмне? Ден соолугуң жакшы, ишиң кызыктуу, көңүлүң ток болсо, абийириң, балдарың, бир туугандарың, жакындарың аман-эсен болсо, алганың жаныңда болсо. Мындан артык кандай бакыт керек?

– Өз колуңуз менен ылай кармап, там салдыңыз беле?

– Өзүңдүн тамыңда жашаш үчүн сөзсүз эле ылай кармап кереги жок. Ал үчүн башыңды иштетип, ишмердүүлүгүң жана үй-бүлөгө камкордугуң менен тамга ээ болсоң болот. Бирок, жаш кезде ылай менен кирпич куйганбыз, аркабызга жүктөп цемент ташыганбыз. Ал эми азыр жашаган тамдарыма өз эмгегим менен жетишкем.

– Өзүңүздүн курагыңыздан жаш көрүнөсүз, карылык менен кантип күрөшөсүз?

– “Аялдын жашы өзүнүн көрүнүшүнө жараша болот, эркектин жашы анын сезимине, күчүнө жараша болот” деген сөз бар го? (Күлүп). Мен өзүмдүн жашымды сезбейм, күчүм бар. Кээде спортзалда жаш балбандар менен күрөшөм. Адам канча жашка чыкпасын, карылыкты ойлобой, өмүрүн ойлоп, келечекке умтулуп, сүйүү сезимин жоготпой, дүйнөдөгү жаңылыктарды билип, технологиялар менен таанышып, мезгилден артта калбаш керек. Өзүм болсо турмушта болгон кыйынчылыктарды жүрөгүмө жакын кабыл албаганга, майда-чүйдөгө көңүл бурбай, көп нерсени философиялык жагынан караганга аракет кылам.

– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз? Кайсы спортзалдарга барасыз?

– Мурун бала куракта күрөштүн грек-рим түрү боюнча машыккаммын. Спорттун бул түрүнөн спорттун мастерлигине талапкерликке чейин жеткем. Азыр болсо чуркап, көп жөө басып, велосипед тээп, ат минип, тренажердук залдарга барып машыгам. Досторумдун спортзалдары бар. Ошол жакка бир жумада 2-3 жолу барам. Спортзалдан кийин кадимкидей эс алып, кан жүгүрүп, өзүңдү аябай жакшы сезип каласың.

– Акыркы жолу коомдук транспортко качан түшкөнсүз?

– Ачык эле айтайын, коомдук транспортко көптөн бери түшө элекмин. Биздин шаар кичинекей эле эмеспи. Ошондуктанбы, көп учурда жөө басканды жакшы көрөм.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: