Menu

Аалы Карашев “Атам кылмыш кылса, балдызым башкы прокурор, погуңарды жегиле” дейби?

Бөлүшүү:

“Азия Ньюс” гезитинин 2016-жылдын 7-июлундагы №27 (159) санына Аалы “Карашевге каршы кара пиар” аттуу макала жарык көргөн. Ошондон көп узабай эле телефон аркылуу байланышка чыккан журналисттер бүйүрдү кызыткан маалыматтарды айтып, алардагы видео материалдарды көрүп, оозубуз ачылды.

Буга чейин, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашевдин атасы Азим Карашевдин жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалымат чыгып, “ДТПга кабылыптыр, жөн эле кара пиар жасагандар дуулдатып жатат” таризинде кеп болуп, тынчып калган. Коомчулук менен өлкө башчыларына чейин, “кырсык, эч ким жабыркаган жок, столбаны сүзүп алып, өзү эле жабыркады” деген маалыматтар берилип, “Азия Ньюс” гезитин да ошол элдин башын айлантуу максатына колдонуп кетишкенин журналистердин колундагы видеотасма тастыктап таштады.

Ал чейрек саат чамалуу видео тасма Ош облусунун Кара-Суу районунун жол кайгуул кызматкерлеринин “Тойота” үлгүсүндөгү жолтандабасты кууп барып токтоткон жеринен башталат. Рулда отурган адам Карашев Азим деген өздүгүн тастыктоочу документтин жол инспекторуна берип, кайра жулуп алып, акыйнек айтышуу уланат. Эки ортодо, оператор, аппапакай, “7000” мамлекеттик номерлүү “Джиптин” (“Азим Карашевдин 70 жылдыгына белек катары берилген” дешет) алдыңкы сол жак дөңгөлөгү жарылып, крылосу майтарылып, кызыл ала канга боелгону көрсөтүлөт.

Жол кайгуул кызматкерлери оң жак эшикти ачып, айдоочунун оң жагындагы алдыңкы катардагы орундуктан ылдый жылмышып, бут коючу жакка тыгылып алган аялды көрүшөт. “Ачылган эшикти жабам” деп атып, ал келинчектин жүзү да бейнеге түшүп, таанылып калат. Жол кайгуул кызматкерлерин тоготпой, улам бирөөгө телефон чалып жаткан Азим Карашев  унаасына отуруп, кайра айдай качууга аракетин автоматчан милиционер тороп кетирбей, инспектор “эки адамды уруп качып кеттиңиз, алар ооруканага жеткизилди, биз сизди кууп кармадык, биз менен барасыз, машинени стоянкага коебуз, болбосо мен жооп берип калам” дегенсип, безеленип жатат. Дагы бир кызматкердин, “койдуруп кеткен адамдарга жардам көрсөткөндүн ордуна эмнеге качасыз?” дегенине Азим Карашев “абийиримди сактап качтым” дейт. Ызы-чуу уланып отуруп, акыры автомашинаны эвакуаторго жүктөй башташат…

Ошентип, бүгүн ал окуянын эмне менен аяктаганы белгисиз. Бир гана Азим Карашевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракеттери көрүлбөй, а кишинин кылы да кыйшайбай, коомчулукка жалган маалыматтар таркатылып, элди, бийликти алдоо жүрүп жатканы кызык.

Же эмне, балаң президенттик аппаратта иштесе эле жакындарыңдын баары иммунитетке ээ болуп, кандай кылмыш кылса да жооп бербей жүрө берсе болобу? Болбосо, ИИМдин кызматкерлери эмнеге талкан сугунуп алгансып унчугушпайт? Же ал байкуштардын да өпкөлөрүн үздүрүп жатышабы?

Ош тарапта милиция кызматкерлерин кордоп, спортчуларга сабатуу, мыйзамсыз кызматтан кууп жиберүү салтын жараткан Сүйүн Өмүрзаков ИИМге орун басар болуп турса, кайдагы обьективдүү иликтөө болмок эле дейби? “Мыйзамдуулукту көзөмөлдөй турган прокуратура каякка карап жатат?” дегендер “Башкы прокурор Индира Жолдубаева Аалы Карашевдин балдызы болуп атса, иш козготмок беле?” деген жооп алууда.

Эки ортодо Ош облусунун эли ичинде да карашевдерге карата катуу нааразычылыктар пайда болуп, аким болуп турганда ээлеп алган байлыктарын, базардагы элди кор кылып, киши катарына көрбөй, ары-бери куудуруп, иштетпей жатканына нааразычылык толкуну пайда болгону айтылууда.

Талкууга катышкан журналистер: “Сабыр байке, бу эми кандай болот?” дешкенинен: “Ой, баласы токсон баланы жайлаган штабды негиздеп, жоопко тартылбай, кызматтан-кызматка көтөрүлүп жатса, атасына эки кишини тебелетип кетүү кеп бекен?” депмин. Эл деле: “Булардын президент менен, эмне мынчалык кыйбастыгы бар?” дешип аң-таң. “Атам кылмыш кылса, балдызым башкы прокурор, погуңарды жегиле” дейби? Чындыгында эле, эл ичинде кадыр-баркы жок, жалаң интрига, акча менен шугулданган кланды бооруна тартуу менен Алмазбек Атамбаев өз аброюна катуу шек келтирип жаткан жокпу?..

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: