Кайран элим, кайда баратабыз?
– Кыргызстандагы 1805 айылдын ичинен 725 айыл ичкенге таза суусу жок олтурат;
– Кыргызстандын тышкы карызы, акыркы жылдарда эки эсе көбөйүп, азыр 4 млрд $ чамалап калды;
– Кыргыз элинин 3/1 бөлүгү – 1.8 млн адам бир айда жашоонун эң төмөнкү деңгээлинде жан багууга муктаж болуп – 2 485 сомго гана жашап калды;
– 5 жашка чейинки кыргыз балдарынын 18% тоюнуп тамак жей албайт;
– Биздин мамлекетте бир компьтерге 90 мектеп окуучу туура келет, мындай кейиштүү акыбал эң артта калган мамлекетте да жок;
– Ооруканалардын саны Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон 1991-жылдан бери 307 ден 117ге чейин кыскарган – ооруларды жаткыра турган орун жок;
– Тажикистан жана Өзбекстан мамлекеттери менен 2010-жылдан бери 1 метр дагы чек ара маселеси чечилген жок. Талаш чек арадагы жерлер 800 км түзөт;
– Кыргызстанда ар жыл сайын 6 миң адам туберкулез дартына чалдыгат;
– Кыргызстан КМШ өлкөлөрдүн ичинде жол кырсыгы боюнча биринчи орунда турат;
– Кыргызстандагы 1 жаштан – 14 жашка чейинки балдардын 57% ы зомбулукка дуушар болушат;
– Кыргызстанда ЖОЖдорду бүтүргөндөрдүн ичинен 9% гана өз адистиги боюнча жумуш таба алышат;
– Кредиттерди алгандардын саны 500 миңден ашкан, алардын ичинен ар бир төртүнчүсү процентти төлөөгө мүмкүнчүлү жок болуп, алган кредиттин үстүнө пеня кошулуп жатат;
– Жарым миллион кыргыздар орус жарандыгын алган, чет жактагы мигранттардын саны болсо бир миллиондон ашкан;
– Кыргызстандагы наристелердин 85% бала-бакчага барууга мүмкүнчүлүгү жок;
– Интернаттарда ар бир баланын бир күндүк тамагына 65 сом гана каралса, карыялар үйлөрүндө болсо 55 сомдон гана каралган, андан ашык кароого кыргыз бюджетинин чамасы жетпей калды.
Ал эми Атамбаев 6 жыл мамлекетти башкарып, президенттик мөөнөтү бүтүп баратканда төмөнкүдөй баннерлерди бүткүл өлкөгө илдирип, таң калуу менен кайра бизден сурап жатат: “Кайран элим, кайда баратабыз?!” деп.
Адил Турдукулов, блогер
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ