Бул видеолор 2009-жылы президенттик шайлоо учурунда Ысык-Көл облусунда тартылган. Анда ажолукка ат салышкан Алмазбек Атамбаевге эл ишеним артып, кыйкырык сүрөөн менен тосуп алып, колдоо көрсөтүп турушат. Элдин маанайынан “эгер ушул адам президент болсо өлкөнү өйдөлөп кетет эле” деген ишеничти байкоого болот. Албетте, андан бери алты жыл ашык убакыт өттү. Ал эми өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болду? Максатына жеткен Атамбаев айткандарын аткардыбы? Турмушубуз чындап эле оңолдуп кеттиби? – деген суроолор жооп күтүп тургандай. Ажонун болсо кетээрине аз эле убакыт калды…
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ