Menu

Гүленчилер Бишкекте түлөө өткөргөнү чынбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин каржылоосу менен иштеп жаткан бир топ окуу жайлар, уюмдар, ММКлар бар. Ал мекемелерде билим алып, иштеп жаткан жарандар Гүленди дүйнөгө түркөк болчу аалым катары сүрөттөп жүргөнүн угуп, көрүп жүрөбүз. Албетте, ал адамды жакындан билбегенден кийин бир несе айтуу кыйын. Бирок, өлкөдө Гүлендин саясатын чын жүрөктөн колдоп, аны акырындап элге жайылтууга аракет кылган гүленчилердин тобу жыл санап өсүп бара жатканы жашыруун эмес.

Кечээ, 22-июлда ошол Гүлендин тарапташтары Бишкекте жыйналып, мал союп, кан чыгарып, түлөө өткөргөнүн кулагыбыз чалды. Укканыбызга караганда алар бир чоң балээден кутулганынын урматына ушундай түлөө уюштуруптур. Кызык, аларды кайсы кырсык тооруп жүрөт деп ойлонуп калдык. Түркиядагы төңкөрүшкө Гүлендин түздөн-түз тиешеси бар экенин президент Тайип Эрдоган айтып, анын тарапташтарына чабуул башталгандан кийин башка өлкөлөрдөгү гүленчилерге да мунун зыяны тийгени маалым. Түркиядагы окуядан кийин кээ бир мамлекеттер Гүленге тиешелүү делген окуу жайларды жаап салышканы айтылган. Кыргызстан дагы Түркия менен жылуу мамиледе болгондуктан биздеги “Себат” эл аралык билим берүү мекемелеринин жабылып калуу коркунучу жаралган болчу. Албетте, Атамбаев менен Эрдогандын достук мамилесин эске алганда мындай чечим чыгарып коюу кыйын эмес. Бирок, кыргыз бийлиги буга барган жок. Балким, гүленчилер ушул балээден кутулганына шүгүр келтирип, түлөө берип жүрбөсүн…

Нурбек Азимжан, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: