Menu

Боом капчыгайында автоунаага таш кулап, бир адам каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн Бишкек – Нарын – Торугарт автоунаа жолунун 142-143-чакырымында таш кулап, “Хонда Степ” үлгүсүндөгү автоунааны басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада автоунаадагы бир жүргүнчү каза болуп, анын айдоочусу жаракат алды. Маалыматка ылайык  автоунаада 11 адам болгон.

Учурда Кемин райондук №32 жол тейлөө ишканасынан бир жүктөгүч тартылып, автоунаа жолуна түшкөн майда таштар толугу менен тазаланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: