Түгөлбай Казаковдун ордуна Маданият министрлигине жаш, жаңыча ойлоно алган менеджер келсе жакшы болмок. Мындай пикирин айтылуу обончу жана аткаруучу Бек Борбиев “Азия news” гезитине берген маегинде билдириптир.
“Маданият министрлигине абройлуу аксакалдын кереги жок. Тескерисинче, жаш, жаңыча ойлоно алган, кыска сөз менен айтканда, заманбап менеджер керек. “Кыргыз деген сөздү улуттук паспорттон алып салыш керек” деп күпүлдөп атып эле… Айтор, министрлик креслонун баасы өтө кымбат түшпөсө болду агабызга…”, – дейт Борбиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ