Menu

Бек Борбиев: “Референдум болсо, эл толкуп кетиши мүмкүн”

Бөлүшүү:

Бу агабыз чынында өнөргө бай инсан. Айталы, кубулжута ырдаганын эмес, спортко болгон ышкысы кадимкидей дух берет. Волейбол боюнча улуттук курамдын балдары менен тең-тайлаша топ чапса, бильярд боюнча анча-мынча чемпиондорду чаңында калтыраарын байкап жүрөм. Ал ортодо саясаттан да кыя өтпөйт. Ар жылы ар кандай темада кеп козгоп калмайыбыз бар. Бул сапар да ошондой болду.

Бек мырза, “Бир Бол” партиясынын ашынган күйөрманы катары өткөн жылы досуңуз Алтынбек Сулаймановду катуу колдоого алдыңыз эле. Азыр партлидер баштаган андагы партиялаштарыңыз менен мамилеңиз кандай? Шайлоодон кийин да баштагы мамиле сакталып калдыбы?

– Мамиле болгондо эмнени айтайын? “Бирболчулардын” дээрлик көпчүлүгүн тааныбашым мүмкүн, бирок, Алтынбек Турдубаевич менен тээ бала кезден эле ортобузда досчулук, ага-инилик жакындыгыбыз бар. Башкасын билбейм, бирок, Алтынбек экөөбүздүн катташыбыз башта кандай болсо, шайлоодон кийин деле мурдакыдай эле.

Күзгө карай жергиликтүү жана шаардык кеңештерге карата шайлоо, референдум өткөрүү, арылатканда ажолук такты үчүн айыгышкан күрөш катуу салгылашта болоору эмитен болжолдонууда. Мындай саясый өнөктүктөргө карата оюңуз кандай? Шаардык кеңештин шайлоосуна карай катышуу ниетиңиз барбы?

– Шаардык кеңештерге болчу шайлоолорго талапкер катары катышпайм, балким бирөөлөрдү колдоп эле барып калбасам. Ал эми келээрки чоң шайлоого кимдер аттанат, мына ошого карап, кайсыл тарапты колдоорубуз белгилүү болот. Референдум өтөбү же жокпу даана билине элек. Менин жеке пикиримде өтпөй эле койгону туура. Анткени, эл толкуп кетиши мүмкүн. Үчүнчү революциянын карапайым элге таптакыр кереги жок.

1-август күнү экс-президент Курманбек Бакиевдин туулган күнү өткөнү, качкынга карата куттуктоолор Кыргызстандан да байма-бай болгондугу маалымат сайттарга жарыяланууда. Сиз экс-президенттин бул жолку туулган күнүнө да барып, ыр сунуп, куттуктап келдиңизби? Ага дагы деле симпатияңыз барбы?

– Курманбек Салиевич менен ал президент болуп турганда деле туулган күн менен куттукташчы эмес элек. Ал эми баягы юбилей-тоюна барганым, мен үчүн катардагы эле заказ-той.

Маданият министрлигинин тууруна көптөн-көп күткөн кадр келгендиги колдоого алынууда. Чыгармачыл чөйрөнүн адамы катары Казаковдун кызматтык секирик жасашын сиздин кесиптеш, өң-тааныш, өнөр адамдары кандай кабылдадыңар?

– Маданият министрлигине абройлуу аксакалдын кереги жок. Тескерисинче, жаш, жаңыча ойлоно алган, кыска сөз менен айтканда, заманбап-менеджер керек эле. “Кыргыз деген сөздү улуттук паспорттон алып салыш керек” деп күпүлдөп атып эле… Айтор, министрлик креслонун баасы өтө кымбат түшпөсө болду агабызга…

Калыгул Бейшекеев, “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: