Menu

Назарбаев «террорчуларга байланышы барларды» Түркияга өткөрүүгө убадалады

Бөлүшүү:

Түркияга 5-августта иш сапары менен барган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак-түрк лицейлеринде иштегендердин Фетуллах Гүлен менен «террордук байланышы» бардыгы аныкталса, өлкө аларды Түркияга өткөрүп бере турганын билдирди.

Түркия президенти Тайып Эрдоган АКШда жашаган диний ишмер Фетуллах Гүленди 15-июлдагы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетин уюштурууга айыптап келет. Окуядан көп өтпөй Түркия айрым өлкөлөргө кайрылып, Фетуллах Гүленге байланышы бар окуу жайларды жабууну талап кылып баштаган.

Буга ар кайсыл өлкө ар башка жооп берген. Мисалы, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркия көз карандысыз башка өлкөнүн билим берүү маселелерине кийлигише албай турганын билдирген. Казакстандын бийлиги болсо, казак-түрк лицейлеринин Гүленге тиешеси жок экенин жана алар Казакстан өкмөтүнүн көзөмөлүндө экенин билдирген.

Түркия президенти Астананы Гүлен менен байланышы бар деп эсептелип жаткан бардык 33 лицейди текшерип чыгууга чакырды.

«Алар мамлекеттин көзөмөлүндөгү мектептер. Биз Түркияга коркунуч туудургандарды колдобойбуз. Ал биздин кызыкчылыкта эмес. Биз бардык мектептерди текшерип чыгалы деп сүйлөштүк. Эгер алардын Гүлен менен байланышы далилденсе, анда биз ал мугалимдерди алмаштырабыз», – деди Назарбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: