Бүгүн, 8-августта Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана терроризмге каршы чараларды күчөтүү боюнча мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
Темир Жумакадыров укук коргоо органдарынын натыйжалуу системасын түзүүгө, жарандардын аларга болгон ишенимин кайтарууга жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чаралардын жүзөгө ашырылышы тууралуу баяндады.
Андан тышкары, Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы менен өлкөдөгү диний кырдаалдын өнүгүү тенденцияларына байланыштуу маселелерди да талкуулады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ