Menu

“БШК төрайымы Шайлдабекова жана мүчөлөрүн сот жообуна тартуу зарыл”

Бөлүшүү:

«БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кайрадан парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө моралдык укугу барбы?» деген суроо бүгүнкү күндүн темасы болуп турат. Биз ушундай жаатта белгилүү адамдарга собол таштадык.

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

– БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баштаган баардык мүчөлөрүнүн кайра парламенттик шайлоону өткөрүүлөрүнүн эч кандай укуктары жок, моралдык дагы юридикалык дагы! Алардын баарын токтоосуз кызматтан кетирип, сот жообуна тартуу керек болчу. Анткени, так ушулар тарыхтагы эң ыплас шайлоону уюштурушуп, 5-октябрдагы көтөрүлүшкө себеп болушкан. Баардыгы күнөөлүү. Бирок, күнөөсүн бир гана Атыр Абдрахматова кызыбыз сезип, өз арызы менен кетип калды. Уяты бар экен. Так  ушул кызыбыздын күнөөсү эң аз болчу. Калгандары карандай наадандык, зордук жана калп менен шайлоону өткөрүп келишти го? Эгер ушул эле курам кайра барса, анда шайлоонун жыйынтыгы нөл болду дей бергиле. Революциячыл күчтөр али ойгоно элек. Аягы эми өтө жаман болуп калуусу мүмкүн…

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

– Менин оюмча, биз баарыбыз бу жерде күбө болбодукпу, «жаштардын революциясы болду» деп. Ушул революциянын нааразычылыгы (көпчүлүгүнүн) БШКнын кылган ыплас ишинен чыккан. Ошондо уюшулган «элитанын» төрт партиясы өткөн, калгандары калган. Мына ушунун баары элдин кыжырын келтирип, бийликке бүгүнкү күндө Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдерди апкелбедиби? Бирок, жаш муундар талпынган жагынан натыйжага жетпей калды. Ошондуктан, азыр максат менен чыккан балдардын, алардын талабы менен БШКга нааразычылыгын көзү менен көрүп, кулагы менен уккандан кийин учурдагы мораль эмес, бүгүнкү күндө бийлик шайлоонун алдында баарын жаңыртыш керекпи? Ушундай олуттуу суроо турат. Ал эми БШК төрагалыгына көптөгөн мыкты азаматтарыбыз бар. Ошол эле «Чоң казатты» түптөгөн Турат Акимовду сунуштамакмын. Артында эч бир «калбыры» жок, таза жигит. Баардык жагынан бышып жетилип, даяр турат. Эгер бу жигит БШКга келсе, кийинки шайлоолор таза өтүшүнө жол ачат эле.

Игорь Шестаков, саясат талдоочу:

– БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованы ээлеген кызматынан 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин эле кетириш керек болчу. Ошондо эле Өмүрбек Бабанов шайлоодогу көптөгөн мыйзам бузууларды, анын ичинде добуш сатып алуу, админресурстарды колдонуу жактарын айтып, көрсөтүп бергенине караган эмес. БШК төрайымын кызматтан кетирмек тургай, тескерисинче, ошондогу бийлик бекемдеп берген. Бул тарых толук үч жылдан кийин кайталанып отурат. БШКнын төрайымы бу жерде баардык майда-баратына кийлигишпеген чыгар. Кеп анда эмес, кеп БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматта турганда шайлоолордун кайсынысы болбосун легитимдүү боло алат. Мунун далили болуп 5-октябрдагы элдин толкунун айтсак болот. Анткени, эл парламенттик шайлоонун таза өтпөгөнүнө нааразы болуп, шайлоого тийешеси жок президентти отставкага кетирүүгө мажбурлады, БШКнын айынан. Ошондуктан БШК төрайымын сөзсүз кызматтаң алуу керек, эч бир моралдык укугу жок. Анын ордуна Атыр Абдрахматованы төрайым кылып шайласа, элдин ишенимин актап, шайлоону таза өткөрүп берет беле? Бул кыз ошол эле 2017-жылы президенттик шайлоонун таза өтпөгөнүн, легитимдүү эмес экенин айтып чыккан. Муну да эске алып коюшса дейт элем.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: