Menu

“Конституция #кайдабаратабыз” деген аталыштагы тегерек үстөлдүн катышуучуларынын билдирүүсү: Бийликтин бир колго топтолушуна жол жок!

Бөлүшүү:

Бийликтин бир колго топтолушуна жол жок!

2010-жылы өткөрүлгөн референдумда Кыргызстандын эли үй-бүлөлүк-кландык   башкаруу жана бийликти бир колго топтоп алган амалдуу жорук кайрадан эч  качан кайталанбашын самап, ушул ниет менен добушун берген эле. Бирок, президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары учурдагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизгиси келип жаткан демилгеси өлкөбүздөгү бийликти бир колго биротоло топтоп берип, илгерки  акаев-бакиев заманына кайтып баруу далаалаты экени ачык көрүнүп турат.

Башмыйзамды өзгөртүүгө карата демилгеленип жаткан долбоор боюнча карасак, парламент президент менен премьер-министрдин кеңешүүчү кол жоолук   органына айланып, бийлик толугу менен КСДП партиясына өтөт. Мындан  тышкары, сот системасы түп орду менен көз карандысыздыгынан айрылып,  бийликтин көзүн карап, натыйжада бийлик бутактарынын ортосундагы тең  салмактуулук жоголгону турат. Аткаминерлер, чиновниктер өлкөдөгү   акыйкаттуулукка жана сотторго жүгөн салышып, өз каалаганындай башкарып алгылары келишет.

Башмыйзамдын канат-куйругу кыркылгандан кийинки калган-эткен жападан  жалгыз баалуулук – ал жарандардын укугу, эркиндиги болуп жатса да, жалпы  адамзаттык баалуулук болуп саналган ошол мүмкүнчүлүктү коргоодон да куржалак  калтырышып, эл аралык укуктук нормаларды, келишимдерди көзгө илбей,  келечекте мамлекет жөнү жок репрессиялоонун, куугунтуктоонун араанын ачканы  жатат. Конституцияга өзгөртүү киргизмек болуп жаткан азыркы демилге ашталып-башталбай жатып анын акыры эмне бүтөөрүн элестетүү кыйын. Мамлекет тагдыры үчүн өтө орчундуу, салмактуу Башмыйзам талкуусу – мөөнөтү жагынан  да, референдумду өткөрүү форматы жагынан да ары шашылыш, ары чалкеш болууда. Конституция  өзгөрткүч демилгечилердин кулагына кулак кагыш кылып,  башында эле айтып койчу калыс сөз – эмитен эле Конституция бузулуп жатат,  2020-жылга чейин баш мыйзамды өзгөртүүгө тыюу салган мораторийди эске  алган эч ким жок!

Шашкалактап, капыл-тапыл аракеттер менен Конституцияны өзгөртө салуунун артында президент Атамбаев башында турган бийликчил партиянын дымагы   жатат, ал дымактын көрүнбөс жагында өлкөнү мыйзамсыздыкка такап, кризистен алып чыга албаган жоопкерчиликсиз кадамдарына жооп берүүдөн качуу амалы  катылып турганын баса белгилейбиз.

Буга чейин мамлекетибизди башкарган эки президент да өз кызыкчылыгы үчүн  Конституцияны бир нече ирет өзгөртүшкөн, кийин соңу алардын тагдыры кандай   болгону баарыбызга белгилүү.

Биз президенттен, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынан Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун артка  кайтарып алуусун талап кылабыз. Мындан тышкары, өлкөдөгү саясый партияларды, коомдук бирикмелерди, Кыргызстандын тагдырына  кайдыгер карабаган жарандарды бийлик жана бийликчил күчтөр демилегелеп жаткан   референдумга каршылык көрсөтүүгө чакырабыз.

«Конституция #кайдабаратабыз» тегерек үстөлдүн катышуучулары,

 Бишкек, 2август, 2016.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: