Menu

Убактылуу өкмөттөн дагы кимге кишен салынаар экен?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдө, Чолпон-Ата шаарында 70 ММК өкүлдөрү катышкан басма сөз жыйында “мурдагы Убактылуу Өкмөттүн бир топ мүчөлөрү абакта кармалган депутат Өмүрбек Текебаевге болушуу үчүн эмес, мага каршы чабуул коюш үчүн биригип жатышат» деген оюн айтты. Алардын көбү «былык» иштерим ачыкка чыгып калбасын деп коркуп атышат» деп президент билдирди. А. Атамбаев «Ата Мекен» партиясынын убактылуу абактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин сот жүрүмүндө айтылган маселелер тууралуу суроого жооп берген учурда 2010-жылдын 13-майын эстей албай турганын, бирок 12-майдагы окуялар так эсинде экендигин белгиледи. Президент ал күнү бийликти басып алуу аракети болгонун, өзү «Форум», «Кыргызавтомаш», «Дастан» заводунун кызматкерлерин, башка шаардыктарды баштап, өкмөт үйүнүн алдына келгенин, ал кезде Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү качып кеткенин айтты. Эгерде 2010-жылдын 12-майында «биздин тарапкерлер болбосо, анда бийликти колдон чыгармакпыз» деп ал кошумчалады. Ал эми “Ө. Текебаевдин иши боюнча сотко басым болуп жатат” деп айтылгандарды президент А. Атамбаев четке какты: “Мен сотко басым кылгым келбейт, өзү чечим кабыл алсын. Бир гана Ө. Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менден кийин да жооп беришет. Мен А. Бекназаров менен Р. Отунбаева даярдаган улутташтыруу жөнүндөгү декретте 51 пайызды улутташтыруу боюнча маселе эмнеге кирбей калганын эң сонун билем. Ал эми өзүм жасаган иштерге ар дайым жооп берем” деди.

Булак: “Айгай пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: