Menu

Куштун кош канаты: Темир менен Канат…

Бөлүшүү:

Кыргыз драмтеатрында 27-июль күнү, саат 10.00дө «Кыргызстан» партиясынын съезди өтүп, анда Канатбек Исаевдин талапкерлиги президенттик шайлоого көрсөтүлөт. Негизги саясый интеллигенция, элибиздин аттуу-баштуулары дал ошол жерге барып, каарманыбызды күздөгү аламан байгеге сүрөп чыгышары күтүлүүдө.

Буюрса, ушул күнү Канат Кедейканович президенттик шайлоого аттанат. Философиялуу жагынан алсак, аныгында президент болобу-болбойбу, кеп анда эмес. Маселе – анын туура кадамында. Артка кылчайсак, мейли жүз же миң жыл мурда болсун, дал ушул Сары Өзөндөн баатырлар чыгып, бүтүндөй кыргыз элин жана касиеттүү Чүйүбүздү сактап калышкан. Мен азыр куштун кош канатын элестетип, Темир менен Канаттын биримдикке келип атканына ыраазы болуп, мындан ары элибиздин ынтымагы сакталарына ишенип турам. Себеби, 25-июль күнү Сариев менен Исаев жолугушуп, элибиздин тынчтыгы, мамлекеттүүлүктүн өнүгүшү боюнча акыл калчашып, акырында биригүү боюнча да тил табышкандары кубандырууда. Мындай көрүнүш жеңишти багындырууга болгон багыт, аныгында, намыска чакыруунун үлгүсү!

Табигый көрүнүштө тил табышуунун татымы бал… Кокус асмандагы шумкар
жаракат алса, анда жердеги чөө жана курт-кумурскаларга жем болот. Ансыңарындай, Темир менен Канат алдыдагы «Чоң казатта» ага-инилик ынтымакка келишип, дал ошол куштун кош канатындай оболоп, бир тууганчылык позицияларын бекемдеши зарыл. Ошондо гана башкалар аргасыздан ийменишип, катарды толукташат эле… Ак коёлу, жакында айланада ким кожоюн экенин мезгил көрсөтсө керек…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: