“Ата-Мекен” партиясынын өткөн чакырылышындагы депутаты болгон жаш жигит Жоомарт Сапарбаев деген “балашка” бар эле. Бул чакырылышта дагы депутаттык мандат тагынып, креслого көчүгүн басып олтурган. Кийин эле ордун мунай бизнесинин үлкөнүнө пулдап жиберди деген сөздөр чыгып, өмүрү соода менен алектенбеген Сапарбаев соодагер болом деп Ак үйдөн чыгып кеткен. Банкта иштеген сулууга үйлөнүп, Америкада бал айын өткөрүп жүрөт деген маалыматтар айтылган. Өмүрбек Чиркешовичтин кийген кийими, баскан-турганына, жасаган мимикаларына чейин мыкты өздөштүргөн Жоомарт мырза “шефи” колдоого муктаж болуп турган кезде унчукпай олтурганы түшүнүксүз болууда. Саяпкердей таптап саясаттын майданына салган Текебаевди жок дегенде бир жолу мактап койсо Жоомартка жарашмак да. Же мандатын алып койгонго, колунан көп нерсе келип турганда кызмат бербей койгон “кожоюнга” таарынычы жазылбай жүрөбү?
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ