Menu

Видео – Ырчы Юлия Руцкаянын апасын үйүнүн жанынан унаа коюп кетти, азыр ал ооруканада жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-октябрда ырчы Юлия Руцкая кечээ, түштөн кийин апасын унаа сүзүп кеткенин айтты. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

Ырчы видеокайрылуу жасап, кырсык кандайча болгонун айтып берди.

«Мен видеотасмага тартууну чечтим, анткени биздин мамлекетте мыйзамдардын сакталып жаткандыгына ишенбейм. Кечээ, түштөн кийин, саат 13:40 чамасында шаардын борборунда, апамдын үйүнөн 3 мүнөт алыстыкта, аны тротуарда унаа сүзүп кетти”.

Видеотасманы тартып жаткан учурда, Юлия ооруканада болчу. Жана анын апасы бул кырсыктан бир нече жаракат алганын айтты.

“Кудайга шүгүр. Тез жардам кызматы тез убакыттын ичинде жетип келди, аларга чоң ырахмат. Унаа коюп кеткен машина милиция кызматкерлеринин мамлекеттик номери. Ал окуя болгон жерден качып кеткен жок. Мен биздин мыйзамдын адилеттүүлүгүнө ишенбейм. Азырынча аты-жөнүн айта албайм. Мен үчүн эң негизгиси апамдын жакшы болуп кетиши, бирок анын курагында канчалык тез болоорун билбейм. Мен сыйынам. Мен ушул видео кайрылууну ушул жерге калтыргым келет, эгер айдоочу жоопкерчиликти мойнуна албаса, анда сиз бул окуя жөнүндө билип коюңуз деп суранам », – деди Юлия Руцкая.

https://www.instagram.com/tv/CFz477Gg4nP/?igshid=4msa0sl04t7y

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: