Menu

Данияр Айтман, блогер: “Учурдагы бийликтин Конституцияга киргизе турган оңдоолору зыяндуу жана кооптуу”

Бөлүшүү:

Учурдагы бийлик өлкөнүн Конституциясына киргизе турган оңдоолору зыяндуу, кооптуу жана жөн эле сабатсыз. Башкаруучу режимдер буга чейин Конституцияны өзүнүн бийлигин сактап, бекемдеп калуу үчүн гана өзгөртүп келишкенин тарыхтан билебиз. Бул -аксиома. Андайды акаевдик режим дагы, бакиевдик режим дагы кылган, эми Атамбаевдики да кылганы турат.

Өзгөртүүлөр премьер-министрдин укуктарын жана статусун күчтөнтүп жатат, мындай жол менен азыркы президент өзү премьерликке отуруп, бийликти өз колунда, тактап айтканда, өзүнүн айдоочусу, жансакчысы жана дагы башка кошоматчыларынын колунда кармап калгысы келип жаткандай ой калтырууда. Бул комбинация мени таң калтырган да жок. Элдин каалоосун, мыйзамды капарга албай, бийликти узурпациялоону каалаган дагы бир башчынын эмнеси таң каларлык? Мени бул бийликтин акыркы интеллектуалдык деградациясын даана көрсөткөн башка түзөтүүлөр таң калтырды. Акылсыздарга мыйзам жок деп айтышат. Бул бактысыздыктын жарымы гана. Кыргыздын бактысыздыгы – акылсыздардын мыйзам жазганы.

Менин көзүмө урунган бир нече эле кырдаалдар:

Адамдын укугу жана эркиндиги

Учурдагы Конституция мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн маанисин жана түзүмүн аныктоочу адамдын укугун жана эркиндигин эң баалуу деп тааныйт. Адамдын укугу менен эркиндиги фундаменталдуу болуп, аларга артыкчылык көрсөтүлүшү керек. Өлкө адамга укук менен эркиндик бериш үчүн гана бар болушу керек.

Сунушталган түзөтүүлөрдө “жогорку баалуулуктардын” тизмеси киргизилип, укук менен эркиндиктен тышкары жакшы, бирок юридикалык жактан маанисиз “Мекенге болгон сүйүү”, “улууларды сыйлоо”, “аталык”, “энелик”, “намыс жана абийир” сыяктуу түшүнүктөр да бар. Биринчиден, жарандар бул баалуулуктарды коргоп, аларды көтөрүшү керек экендиги, экинчиден, бул баалуулуктарды камсыздоо үчүн жарандардын укугу менен эркиндиги чектелиши мүмкүн экени жарыяланган.

Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандары мекенин сүйүп, улууларды сыйлап, жакшы ата жана эне болуп, намыстуу, абийирдүү болушу керек, болбосо камалышы мүмкүн окшойт. Муну болбогон нерсе дейсиңерби? Ооба, бирок, тилекке каршы, практика жүзүндө ишке ашчу нерсе. Бул түзөтүүнүн максаты – бийликке жакпаган жаранды “жогорку баалуулуктарды” бузганга айыптап, аны жок кылып коюу.

Жарандык

Учурдагы Конституция боюнча жарандар жарандыгынан кол жуушпайт. Түзөтүүлөр мындай мүмкүнчүлүк берүүдө. Белгилей кетсем, акыркы убактарда батыш өлкөлөрү террористтерди жарандыгынан ажыратып жатат. Бирок бул эки жарандыгы бар террористтерге гана тиешелүү. Биздин мамлекетке мындай чара көрүүнү ишенсе болобу? Менин оюмча, жок. Болбосо биз Марина Кимдин кезектеги посту үчүн аны жарандыгынан ажыратып, Түндүк Кореяга учуруп жиберчүдөй абалга келебиз.

Эл аралык укук

Учурдагы Конституция боюнча мамлекет адамдардын укугун коргогон эл аралык уюмдардын чечими менен жарандардын бузулган укуктарын жана эркиндигин калыбына келтирип берүүгө милдеттүү. Бул өтө прогрессивдүү норма, бирок Аскаровдун иши көргөзгөндөй, ишке ашпайт. Сунушталган өзгөртүүлөр бул норманы жокко чыгарат.

Соттук бийлик

Соттук бийликке бир нече түзөтүүлөр сунушталып жатат. Ал түзөтүүлөр соттук системдин аткаруу органдардан көз карандуулугун күчөтүп, өз алдынча эмес жана алсыз кылып коёт.

Биринчиден, түзөтүүлөргө ылайык, Конституциялык палата Жогорку Кеңеш менен президент макул болбосо, кайсы бир мыйзамдын Конституцияга каршы экенин чече албай калат. Кайсы жерде кылмышкерлер сотко аларды кандай соттоо керектигин айтышат? Бул түзөтүүдөн кийин президент менен Жогорку Кеңеш Конституцияны жолтоосуз буза алышат, Конституциялык соттор аларга тоскоол жартпайт. Суроо жаралат: анда Конституциялык палатанын эмне кереги бар? Өзүнчө сот бийлигинин эмне кереги бар? Анын баарын жаап, жөн эле аткаруу органдарынын майда аткаминерлерин сот кылбайлыбы? ИИМде “соттор департаментин” ачып койбойлубу?

Экинчиден, түзөтүүлөр сотторду кат жазышуу жана сүйлөшүүлөрдүн купуялыгынан ажыратуу талабын коюп жатат. Мындайча айтканда, соттордун баарын ачык эле УКМКнын карамагына өткөрүп берүү сунушталып жатат. Соттор элементардык укуктарынан ажыратылса, адамдардын эркиндигин жана укугун кантип коргойт?

Сабаттуу юристтер бул түзөтүүлөрдө дагы көптөгөн укукка каршы каталарды таба алышарына көзүм жетет. Жогоруда айтылгандар эле бул түзөтүүлөр адамдын эркиндиги менен укугун кемсинтүүгө, соттук бийликти жок кылууга, мамлекеттик бийликти аткаруу органдарына өткөрүүгө багытталганын түшүнсө болот. Азыркы Конституция идеалдуу эмес, бирок бул түзөтүүлөр ага керектүүлөрдөн эмес. Бул түзөтүүлөр – биздин Конституцияга каршы кылмыш.

Мен бардык жарандарды сунушталып жаткан оңдоолор боюнча референдумда каршы добуш берүүгө чакырам.

Данияр Айтман, блогер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: