Таажывирус аныкталган жарандар умрадан келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков онлайн-маалымат жыйында билдирди.
“Жаңы аныкталгандар кичи ажылыктан келгендер. Алардын жаш курагын айта турган болсок, 45 жаштан 70 жашка чейинкилер” – деп билдирди министрдин орун басары.
Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды. Кыргызстанда ооругандардын жалпы саны – 12 адам.
Булак: “KyrgyzToday.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ