Menu

Орусия Google компаниясына 6,8 миллион доллар айып пул салды

Бөлүшүү:

Орусиянын Монополияга каршы кызматы Google компаниясына “Атаандаштыкты коргоо жөнүндө” мыйзамды бузгандыгы үчүн 438 миллион рубль же 6,8 миллион доллар айып пул салды. Кызмат кабарлагандай, акчалай жаза көлөмү Google Play тиркемесинин ички базарда сатылышын эсепке алуу менен белгиленген.

Америкалык интернет-гигант мындан аркы аракеттерин бул чечимди иликтегенден кийин жасай турганын билдирди.

Орусиялык Yandex издөө системасынын былтыр сентябрдагы даттануусунан кийин Монополияга каршы кызмат Google орус мыйзамдарын бузуп жатат деген бүтүмгө келген. Кызматтын пикиринде, компания Android системасы менен иштеген мобилдүү телефон өндүрүүчүлөрүнөн Google Play’ге уруксат алуу үчүн Google тиркемесин орнотууну талап кылган. Мындан тышкары телефондорго башка компаниялардын, маселен, Yandex’тин тиркемелерин орнотууга бөгөт коюлганы айтылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: