Кытайдагы биринчи жолу коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан бейтап айыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Ухань шаарынын 56 жаштагы тургуну өзүн 10-январь күнү жаман сезген. 15-январь күнү ал Шанхайдагы ооруканага жаткырылган. Улуттук комиссия аял коронавирустун жаңы түрүнө чалдыкканын аныктап, мындай илдет аталган аймакта биринчи жолу катталганын айтышкан.
Тийиштүү дарылоодон кийин аялдын акыбалы жакшы боло бошатган. Дене табы 6 күндөн бери нормадан ашкан эмес. Ошондой эле анын дем алуусу да жакшырган. Тийешелүү анализдерди тапшыргандан кийин эксперттик топ бетапты үйүнө чыгара берсе болот деген чечим чыгарган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ