Menu

Нью-Йоркто имамдын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясы өттү

Бөлүшүү:

Нью-Йоркто имамдын өлтүрүлүшүнө нааразы болгон ондогон адамдар ишемби күнү кечинде мечит алдына топтолушту. BBC тараткан кабарга ылайык, алар коомдо мусулмандарды жек көрүү күчөгөндүктөн улам ушундай кылмыш жасалганын билдиришти.

New York Daily News басылмасы чогулгандар АКШда исламды жек көрүүчүлүктүн күчөшүнө Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трампты айыптап жаткандыктарын жазып чыкты. Ал шайлоо алдындагы жолугушууларында антиисламчыл көз карашын ачык айтып, мусулмандардын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салууну сунуштаган. Анын бул пикири коомчулук арасында сынга кабылган.

13-августта калаанын Куинс районунда 65 жаштагы имамды жана анын жардамчысын мечиттин алдында атып кетишкен. Полиция кылмышкерлердин мындай аракетинин себептерин жана окуянын чоо-жайын тактап жатат. Тергөөчүлөр кылмышты уурулукка аракет кылган бейбаштар жасаган болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарышкан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: