Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Эсиңердеби, Акаев менен Бакиев мөөнөттөрү бүтүп бара жатканда референдум өткөрө коюшуп, аягы эмне менен бүттү?”

Бөлүшүү:

Бул инсан менен алгач мындан туура 7 жыл мурун маектешкем. Андан бери кандай гана окуялардын чордонунда жүрбөдү. Кызыгы, каарманым менен кандай ыргакта сүйлөшүп, маектешпейин, ортодогу пикир алышуу коомчулуктун бүйүрүн кызытып, кызык маанайда уланат. Буга чейин каарманыбыздан 4 ирет алган маегим да жакшы маанайда жарык көргөн. Бул сапар да кызыктуу кептен сөз учугун уладык.

Азике, бийликке каршы турган күчтөр 5 жылдан бери “президент Атамбаев жана анын КСДПсынын мүчөлөрү бийликти узурпациялап алды” деген кыйкырыгыңар элге “жукпай” жатты эле, өткөн аптадагы Өмүрбек Текебаевдин соңку Башмыйзамдын өзгөрүшүнө каршы билдирүүсү менен саясый кырдаал курчуп, “отко май тамызгандай образ” жаралды. Президент Алмаз Шаршенович менен Өмүрбек Текебаевдин бир кездеги жакын санаалаш, үзөңгүлөшү катары экөөнүн ортосундагы интригаларга жана референдум өткөрүүгө кандай көз-караштасыз?

– Өмүрбек Текебаевдин маалымат каражаттары аркылуу Башмыйзам тууралуу билдирүүсү баягы эле Атамбаев менен соодалашуу үчүн айтылган пикир. Себеби, күтүлүп жаткан Конститутциялык реформага Алмаз Атамбаев өзү Өмүрбек Текебаевди кошпой койду. “Ата-Мекен” фракциясы бийликтин коалициясында туруп алып, Конституциялык реформага кирбей калганына чычалаган Текебаевдин билдирүүсү болду. Эртең эле президенттик аппарат “Өмүрбек Чиркешович, келиңиз, сиз дагы кеңешмеге кошулуңуз?” деп коюшса, ал ошону менен жок болот. Бул Өмүрбек Текебаевдин илгертен келе жаткан табияты. Мен көзү ачыктык кылбай турайын, эртең сентябрда иш башталса, Текебаев башкача пикир менен чыгышы мүмкүн. Мен буга ишенбейм. Тагыраагы, Текебаев “мына мен сунушумду айттым эле, макул болушту, булар сунуштаган өзгөртүүлөрдү мен дагы колдойм” деп чыгышы мүмкүн. 1993-жылкы Башмыйзамдан берки баардык Конституциялык реформаларда Өмүрбек Текебаев Башмыйзамды өзгөртүү боюнча кеңешменин мүчөсү, кеңешменин төрага орун басары, төрагасы болуп келе жатат. Эгерде ушул убакка чейин биздеги кабыл алынган Конституциялардын начардыгынын айынан өлкөбүз өнүкпөй келген болсо, Башмыйзамдын начардыгынан үй-бүлөлүк башкаруу режимдери орноп, бийликтер узурпацияланса, анда бул үчүн Өмүрбек Текебаевдин чоң күнөөсү бар. Анткени, ал Башмыйзамдардын автору болгон да. Эгерде Акаевди же Бакиевди Конституцияны узурпациялаганы үчүн жоопко тартыла турган болсо, анда биринчи кезекте Текебаевди да жоопко тартыш керек. Дал ушул Текебаев Аскар Акаевге 4 жолу бийликти узурпациялап бергенге салым кошкону үчүн физик болуп туруп, 2002-жылы “Эмгек сиңирген юрист” деген наам алган. Чындыгында Конституция эмне экенин Өмүрбек Текебаев түшүнбөйт. Азыркы Башмыйзамды да сапаттуу деп айта албайбыз. 1993-жылдан ушул кезге чейинки өзгөртүлгөн Башмыйзамдардын баарысы сапатсыз. Бирок, кеп Конституцияда деле эмес. Анын аткарылышында. 2010-жылы Убактылуу өкмөт элге алып чыккан Конституциянын долбоору боюнча (Өмүрбек Текебаев өзү даярдаган кеңешменин төрагасы катары) ошол Башмыйзамдын “атасы менмин” десе, анда ал ошол Конституциянын башкы коргоочусу, сактоочусу болушу керек. Анткени, мамлекеттин негизги документи анын “баласы” болуп жатат да, туурабы? Баласы тентек, начар чыгып калса, аны оңдош дагы “атасынын” иши да. 2010-жылы андагы УӨ (Убактылуу өкмөт) “Конституцияны өзгөртүп, оюнчук кыла бербейли” деген аруу тилек менен “Башмыйзам 2020-жылга чейин 10 жыл бою өзгөрбөйт” деп жазып койгонбуз. Бул менин сунушум болгон. Анткени, 2006-жылы бакиевдердин убагында биз ноябрь айында 1 Конституция, декабрь айында 1 Конституцияны  кабыл алып, дүйнөгө шерменде болдук. 2007-жылы Курманбек Бакиев референдум аркылуу өзүнө ылайыктуу Башмыйзамды кабыл алды дагы, буга да ыраазы болбой 2009-жылы кайрадан монархиялык республиканы парламентке сунуш кылды. Акаевдин доорунда 5 жолу Башмыйзам өзгөртүлдү. Биз соңку 25 жылдан бери Башмыйзам менен эле ойноп келе жатабыз. Реформа деп эле Конституцияга асылабыз. Бүгүн Атамбаев менен Текебаев Башмыйзамды өзгөртөбүз дешсе, анда булардын кадамы Конституцияны бузуу болуп саналат. Сөздүн кыскасы, Атамбаев да, Текебаев да мен үчүн бүткөн адамдар. Булардын бийликтеги күндөрү бүтүп жатат. Тек гана бул экөө бийликтеги убактыларын узартып алыш үчүн жандалбастап, Конституциялык реформа боюнча оюндарды баштап жаткан кербездери.

УӨ 2020-жылга чейин Башмыйзамды өзгөртүүгө мораторий кабыл алсаңар, бүгүн президенттик аппараттын Башмыйзамды өзгөртүүгө карай планына “убактылуулардан” Р.Отунбаева менен Текебаевден башкаңар айбат көрсөтүп чыга алган жоксуңар да…

– Сен “марстан” келсең керек го ээ?

Марсы жок эле силердин араңарда жүрөм…

– 2011-жылдан баштап менин берген интервьюларымды карасаң, Башмыйзамга карата эч кимдин буга кол тийгенге акысы жок экенин тынбай какшап айтып келе жатам го?

–Аларыңызды окугам, бирок, президенттен Башмыйзамды өзгөртүү боюнча ишарат кеткенден кийин унчуга алган жоксуз да…

– Президенттин Башмыйзамды өзгөртүү боюнча сунушу жайкы каникул учурунда, жакында эле жарыяланбадыбы? Мен мисалы, анын тексттин көрө элекмин. Текст официалдуу жарыяланган жок. Мага окшогон ондогон, жүздөгөн адамдар сунушталган документтин тексттин көрүшө элек. Президент Атамбаев референдум боюнча “бул ишти Фарид Ниязовго дайындадым” дептир. Фарид Ниязову болсо, “Адам укугу деген жерге туура эмес болгону үчүн Азимжан Аскаровдун иши ушинтип жатат. Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу Конституцияны өзгөртүш керек” дептир. Бул эми жеткен тантырактык сөз да. Анан эми ошолордун тантырактык сөзүнө жооп бериш керекпи? “Бир адамдын кылмыш иши үчүн Башмыйзам өзгөрөт” деген бар беле? Мына Атамбаевдин “реформа кылчу” Фаридинин деңгээли! Жылдан-жылга Конституциялык реформа оюнга айланып бара жатат. Ошон үчүн биз 2010-жылы ушуну токтоттук эле да? Россиянын Конституциясы 1993-жылдан бери эле иштеп жатат го? Дагы айтам, кеп Конституцияда эмес, анын жоболорун аткарган президенттерде. Акаевдин, Бакиевдин убагынан бери, азыр да президенттин жана анын айланасындагылардын талабы менен гана Конституция өзгөрүп келе жатат. Атамбаев жаңы президент болгондо, “Унчукпай коюуга укугум жок 1” деген китебимде ага карата “Конституцияда мүчүлүштүктөр көп, ушуларды азыр президент болуп жатканда кемчиликтерин оңдоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, оңдоп койгула” дегем. Анткени, Башмыйзамдын орусчасы менен кыргызчасында бири-бирине тап-такыр дал келбеген статьялар бар. Ошол эле тышкы саясатты ким аныктаары эч жерде жазылбай калган. Бул дагы маанилүү маселе да. Ушуга окшогон механикалык мүнөздөгү каталарды толуктап коюу боюнча өз сунушумду бергем.

Баятан бери тыңдасам, сиз Башмыйзамдын реформалоо боюнча Акүйдүн тилегине каршы туруп жаткан Өмүрбек Текебаевге катылып, ага карата “ок бүркүп” жатпайсызбы? Мындай кадамыңыз менен өзүңүз да президенттик аппараттын “кычуусун кандырып”, эски досуңузга жылчык издеп, жандалбастап жаткан жоксузбу?

– Мен дагы айтып коеюн, Текебаев жандалбастап, эртең эле сентябрь айында “мен айткан пикирлеримди эске алышты, андыктан, мен дагы президенттик аппараттын референдум боюнча ойлорун колдойм” деп айтып чыгат. Бул анын баштатан келе жаткан табияты. Ойномо саясаты ошондой. Буюрса, анын мындай кадамдарын силер деле көрөсүңөр? А мен 2020-жылдан кийин боло турган нерселерге даярдык көрүү жөнүндө айтып жатам. Негизги документ болгон Башмыйзамды 1 күндө эле даярдап, өзгөртүп койбош керек. 1993-жылы кабыл алынган Конституция 1990-жылдан бери 3 жыл талкуудан өткөн соң гана элдин пикирин угуу менен кабыл алынган. Эгерде биз дагы мамлекеттин документине өзгөртүү киргизели десек, 2017-жылдан баштап коомдук талкууга алып чыгуубуз керек.

Президенттик аппараттын Башмыйзамды өзгөртүү идеясынан кийин бир кездеги УӨ мүчөлөрү тар чөйрөдө жолугуп, сүйлөштүңөр беле?

– УӨ бир топ мүчөлөрү биз жолугуп, сүйлөшүп эле турабыз. Булар конкреттүү эч нерсе деп айта элек. Атамбаев азырынча аппарат башчысы Фарид Ниязовго референдум өткөрүүгө камылга көрүү боюнча тапшырмасын берип койду. Атамбаев Башмыйзамды өзгөртүүгө барса, анда ал Акаев менен Бакиевдин жолу менен кетип бара жаткандыгын далилдейт. Эсиңердеби, ал экөө тең мөөнөттөрү бүтүп бара жатканда референдум өткөрө коюшуп, аягы эмне менен бүттү?

Калыгул Бейшекеев, “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: