Menu

Видео – Журналист Дайырбек Орунбековду ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери аңдып жүргөндүгүнүн бети ачылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-август күнү түнкү саат 23.20.ларда журналист Дайырбек Орунбековдун үйүнө бирөө коңгуроо кагып, ага эшик ачкан Орунбековдон бул “Бул Мураттын үйүбү? Мен айылдан келип, адашып издеп жүрдүм эле” деп сурайт. Орунбековдон “андай адам бул жерде жашабайт” деп жооп алган бейтааныш артына кетип баратканда Дайырбек Орунбеков сүрөткө тартып алат. Анан бул шектүү адамдын “айылдан келип, адашып жүргөнүнө” ишенбей турганын жана анын артынан аңдып жүрүшкөнүн, өз өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын социалдык тармактарда жазып чыккан. Атамбаевчилер “Орунбеков муну ойлоп тапты” деп ишенбей чыгышты.

Бүгүн, 19-августта таң эрте журналист Дайырбек Орунбеков жумушуна баруу үчүн сыртка чыкса үйүнөн арыраакта бир бейтааныш машина турат. Көңүлүнө түйүп койгон Орунбеков өз машинасын от алдырып жүрүп кетсе алар алыстан сыр бербей ээрчип аңдып жөнөшөт. Бир оңтойлуу жерге келгенде Орунбеков машинасын тык токтото койсо, жоготуп албайлыбы деп шашып бараткан тиги эрендер Орунбековдон өтө барып байкашат. Бирок эми Орунбеков алардын артынан түшүп алган эле. Алар өтүп баратканда журналист тиги машинанын ичинен түндө анын үйүнө келип, “айылдан келип адашып жүрдүм эле” деген эренди дагы бир жолу тааныйт.  Аңдыгандардын артынан түшкөн журналист дароо аларды видеого тартып такыр калбай ээрчип алат. Билинип калышканын сезген аңдыгычтар шаардын ар кычыгына айдап акыры тажашат да өздөрү иштеген КР Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын имаратына (РИИБдагы) келишет. Журналист Дайырбек Орунбеков алардын кабинеттерине чейин ээрчип кирип баарын тартып чыгат.

Акыры “айылдан келип адашып жүрөм” деген  адам өзүн Октябрь РИИБнүн кызматкери Сураналиев деп тааныштырган жана  журналистке түн ичинде суракка “чакыруу” берүү үчүн барган болчум деп актанган.

Атамбаевдик режим өзүнүн саясый оппоненттерине каршы УКМКны, “караларды” колдонуп келсе эми “кызылдарды” да ачыктан-ачык пайдаланып, милиция кызматкерлерине журналисттерди, оппозиционерлерди аңдыта баштады. Ошол эле ИИМдин 10-башкармалыгынына өзү террористтер менен күрөшүүү милдети жүктөлгөн. Эмне, оппозициячыл журналист Дайырбек Орунбеков Атамбаевдин көзүнө террорист болуп  көрүнүп калдыбы?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: