Алмазбек Атамбаев 19-августта өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, террористтик жана экстремисттик уюмдарды ашкерелеп, алардын ишмердигин токтотуу чараларын активдештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстик иштер тууралуу маалымат алды.
Абдил Сегизбаев ошондой эле терроризмге каршы чаралардын натыйжалуулугун арттыруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жана жакында өтө турган эл аралык иш-чаралардын учурунда коопсуздукту камсыз кылууга УКМК бөлүктөрүн даярдоонун жүрүшү тууралуу баяндап берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ