Сурадым: Каалаганымдын бардыгын камтыш үчүн Кудайдан эмне сурасам болот?
Ал айтты: Үч нерсени – ден соолукту, кубаттуулукту жана коопсуздукту- деди ал.
Сурадым: Мен ишимди кимге өткөзсөм?
Ал айтты: Өткөзгөн ишиңе татыктууга.
Сурадым: Кимден чочулобоо керек?
Ал айтты: Сага суктанбаган досуңан.
Сурадым: Ар дайым көңүл бурууга эмне татыктуу?
Ал айтты: Ишке алек болуу.
Сурадым: Жаш кезде эмнени жана карыганда эмнени жасаган дурус?
Ал айтты: Жаш кезде билим алып, карыганда аны колдонуу керек.
Сурадым: Калк алдында адамды эмне басынтат?
Ал айтты: Өзүнүн жөндөмдүүлүгү жөнүндө сөз салуу.
Сурадым: Татыксыз достон кантип кутулууга болот?
Ал айтты: Анын үч жолу бар-ага басып барбоо, ишин сурабоо жана жардамга чакырбоо.
Сурадым: Иштин ийгилиги эмнеге көз каранды-биздин көктүгүбүзгөбү же тагдырдын жазуусунабы?
Ал айтты: Биздин көктүгүбүз бул тагдырдын себеби.
Сурадым: Жаштарга жана карыларга кандай адеп керек?
Ал айтты: Жаштарга тайманбастык менен уяттуулук, карыларга болсо билим менен токтоолук, адеп ылайык.
Сурадым: Улуулук кимге ыйгарылышы керек жана ал кандай шарттарда бейгам болушу мүмкүн?
Ал айтты: Улуулук ак менен караны айра тааныганга ыйгарылат, ал ишин билерман адамга тапшырганда бейгам болот.
Сурадым: Бейгам жүрүш үчүн кимден сактануу керек?
Ал айтты: Кошоматчы менен ач көздөн сактануу керек.
Сурадым: Эң берешен ким?
Ал айтты: Кимдир бирөөгө белек берип, ошонусуна сүйүнгөн адам.
Сурадым: Бул ааламда адам үчүн өмүрдөн артык бир нерсе барбы?
Ал айтты: Алар үчөө- ишеним, сүйүү жана мекен!
Сурадым: Биз эч качан толук ээ боло албаган нерсе барбы?
Ал айтты: Алар төртөө-ден соолук, чындык, бакыт жана кыйышпас дос.
Сурадым: Жакшылык жасоо же жамандыктан алыс болуунун кайсынысы дурус?
Ал айтты: Жамандыктан алыс болуунун өзү эле-жакшылык.
Сурадым: Жакшы адамдын жаман болуп калышы мүмкүнбү?
Ал айтты: Ооба, жасаган жакшылыгы үчүн жемелеп турса.
Сурадым: Жек көрүндүлөрдөн эмне үчүн үйрөнүүгө болбойт?
Ал айтты: Окумуштуу-жек көрүндү, ал эми митаам адам-окумуштуу болушу мүмкүн эмес.
Сурадым: Билимди эмне көркүнө чыгарып турат?
Ал айтты: Чынчылдык.
Сурадым: Эрдиктин белгиси эмне?
Ал айтты: Айкөлдүк.
Сурадым: Акылмандын кылган ишинин кайсынысы эң дурус?
Ал айтты: Карасанатайды жамандык жасоодон токтотуп калгандыгы.
Сурадым: Кандай кемчилик эң зыяндуу?
Ал айтты: Адамдын түнттүгү.
Сурадым: Ким тутулуп, ким кутулат?
Ал айтты: Ким жамандык кылса, ал тутулуп, жамандык кылуу колунан келип турган, бирок аны кылбаган кутулуусу мүмкүн.
Сурадым: Өмүрдүн кайсы мезгилин жоголду деп эсептөөгө болот?
Ал айтты: Адамдын жакшылык кылуу колунан келип турганда, бирок аны кылбагандар.
Сурадым: Кандай буйрукка көңүл бурбай коюууга болбойт?
Ал айтты: Жүрөктүн, акылмандар менен ата-энелердин буйруктарына.
Сурадым: Бир жерге сээп, башка жерден түшүмүн алган эмне деген урук?
Ал айтты: Ал-ак көңүл жана акылдуу адамдарга жасаган жакшылыгың.
Сурадым: Өмүрдө эмне кымбат?
Ал айтты: Жакшы атак-даңк.
Сурадым: Өлүмдөн да коркунучтуу эмне бар?
Ал айтты: Жакырчылык менен коркунуч.
Сурадым: Зыян айкөлдүккө эмне алып келет?
Ал айтты: Төрт нерсе-ак сөөккө-көрө албастык, илимдүүгө-жокко үмүттөнүү, аялга-абийиринин жоктугу, эркекке калп айтуу.
Сурадым: Бул дүйнөдө эң таалайсыз ким?
Ал айтты: Жан дүйнөсү жакырлар.
Сурадым: Ак ниет адамдарга эмне тоскоол кылат?
Ал айтты: Эзүүчүлөрдүн даңкталышы.
Сурадым: Бул дүйнөнү эмне менен багындырууга болот?
Ал айтты: Акыл жана кадыр билгендик менен.
Сурадым: Врачтын жардамына кайрылбас үчүн эмне кылуу керек?
Ал айтты: Аз ичип, аз сүйлөп, ченеми менен уктап, ар ким менен эле катташа бербөө керек.
Сурадым: Адамдардын ичинен кимиси эң акылдуу?
Ал айтты: Көптү билип аз сүйлөгөн адам.
Сурадым: Кылган иштин пастыгы эмнеден келип чыгат?
Ал айтты: Муктаждыктан.
Сурадым: Муктаждык эмнеден келип чыгат?
Ал айтты: Бекерчилик менен бузулуп кетүүдөн.
Сурадым: Алаңгазарлык эмнеден келип чыгат?
Ал айтты: Жалгызчылыктан.
Сурадым: Мажүрөөлүк эмнеден келип чыгат?
Ал айтты: Жетекчиликтин жоктугунан.
Сурадым: Жол болбогондук эмнеликтен?
Ал айтты: Шашмалыктан.
Сурадым: Падыша ийгиликке эмне менен жетише алат?
Ал айтты: Адилеттүүлүк жана чындык менен.
Сурадым: Акылмандын өкүнүчү эмнеден келип чыгат?
Ал айтты: Иштеги шашмалыктан.
Сурадым: Уят эмне менен шартталган?
Ал айтты: Билип турган адамда-чочулоо, наадан адамда-билбестик менен.
Сурадым: Асылзаттыкты эмне бузат?
Ал айтты: Ач көздүк.
Сурадым: Бул дүйнөдө бардыгынан эмне жакшы?
Ал айтты: Кемсинүүсүз карапайымдык, сыйлыксыз айкөлдүк.
Сурадым: Бул дүйнөдө эң жек көрүндү эмне?
Ал айтты: Падышалардын каары, илимпоздордун-ач көздүгү жана кудурети күчтүүнүн көрө албастыгы.
Сурадым: Карапайымдыктын негизин эмне түзөт?
Ал айтты: Ак жүрөктүүлүк, өзүнөн жаштарга жана курдаштарына ордун ыйгаруу, эки жүздүүлүктөн баш тартуу.
Сурадым: Кырсыкка туш болбоо үчүн кимден кеңеш алуу керек?
Ал айтты: Анык ишеними, достук сезими менен терең билими бардан.
Сурадым: Падыша бардыгынан кимге муктаж?
Ал айтты: Билгенге.
Сурадым: Бул дүйнөдө эң жат ким?
Ал айтты: Наадан.
Сурадым: Бул дүйнөдө эң таалайлуу ким?
Ал айтты: Кылган ишин марттык жана өз сөзүн чындык менен көркүнө чыгарган адам.
Сурадым: Сый көрсөтүүдөн жаңылышуу мүмкүнбү?
Ал айтты: Падышаны урматтап, багып каралашкан адамыңды урматтап жаңылышың мүмкүн, сүйүүдөн жаңылышууга болбойт.
Сурадым: Өмүрүң өткөнчө эмнеге бекем болуу керек?
Ал айтты: Үч нерсеге –түзүлгөн келишимге, ишенген мүлктү сактоого, душманга кечирим кылууга.
Сурадым: Кайгы-кападан эмне арылтат?
Ал айтты: Үч нерсе- жан аяшпас досуң менен жолугушуу, мезгил менен жан жолдоштун жөлөк болушу.
Сурадым: Адегенде анчалык байкалбаса да, акыры кандай адаттан кутула албайсың?
Ал айтты: Маскарапоздонуудан, жаман ооздуктан жана ишке чалды куйдулуктан.
Сурадым: Илимге эмненин зыяны тиет?
Ал айтты: Илимди шыгы жок түшүндүрүүнүн, өзү ошого арзыбаган адамды окутуу, түшүнүүгө жөндөмү жок туруп илим жөнүндө айтып берүүнүн.
Сурадым: Эмнеге ишенимдүү болбоо тийиш?
Ал айтты: Тамактын көптүгү менен ден соолукка.
Сурадым: Жакшылыкка эмне менен алкыш айтса болот?
Ал айтты: Үч нерсе-жүрөктөгү ынтымак, ооз эки ыраазылык, иш менен.
Сурадым: Бул дүйнөдө кимдин абалы баарынан жакшы?
Ал айтты: Билимдин жеткен жерине ээ болгондун, айкөлдүк менен ден соолугу бардын.
Сурадым: Кайсыдан кармануу зарыл?
Ал айтты: Берилген адамга кайдыгер кароо менен кем акыл адамдардан.
Сурадым: Элдин мени сүйүшү үчүн эмне кылуум керек?
Ал айтты: Өз ара мамиледе катаал болбо, калп айтпа, заар тилдүү болбо.
Сурадым: Илимди окуп-үйрөнүү кандай пайда алып келет?
Ал айтты: Эгер сен күчтүү болсоң-даңкка жетесиң, жакыр болсоң байыйсың, белгисиз болсоң атагың чыгат.
Сурадым: Өз баркыңды сактоо үчүн эмнени жашыруу керек?
Ал айтты: Жакырдыгың менен душмандарыңдан жолдуу болбогонуңду, ошондой эле берген кайыр садагаңды.
Сурадым: Көлөкөдө калбагыдай кандай иш жасоо керек?
Ал айтты: Түшүнө турганга кеңеш, пайдалана билгенге билим берүү керек, аткара билгенге жакшылык каалагын.
Сурадым: Өзүңдү адамдардан алыстатпоо үчүн эмне кылуу керек?
Ал айтты: Ушакчы кара ниет болбой, адептүү бол.
Сурадым: Илимдин өлбөстүгү эмнеде?
Ал айтты: Анткени бул дүйнөдө да, тигил дүйнөдө да залкардык илим менен байланышкандыгында.
Сурадым: Улуунун кичүүдөн артыкчылыгы эмнеде?
Ал айтты: Улуусу кичүүсүнөн сыр жашырууга, андан кеңеш албоого жана ага улуулуктун ишин тапшырбоого тийиш экендигинде.
Сурадым: Жакшы дос эмне менен айырмаланат?
Ал айтты: Сенин жаңылыштыгыңды жашырып, сага кеңеш менен насаат айткандыгы менен.
Сурадым: Жаман жолдош деп кимди айтат?
Ал айтты: Сенин жолуңдун болбосуна жардам берип, анан: «сен андай кылбооң керек эле!»-деп табалап турганды.
Сурадым: Аман-эсен жашоо үчүн эмне кылуу керек?
Ал айтты: Өзүңдү падышаны, кожо-молдолор менен кыйышпас досуңду шылдыңдагандан тыйгын.
Сурадым: Кимге жакшылык кылуу керек?
Ал айтты: Акыл-эстүү гана адамга.
Сурадым: Акыбетин кайтарууга үмүт кылбай туруп, кандай адамдарга жакшылык жасоого болот?
Ал айтты: Акмакка, зар тилдүү жана кара ниет душманыңа.
Сурадым: Жакшылыкты эмне көрккүнө чыгарат?
Ал айтты: Анткорлуксуз жупунулук, жемесиз марттык менен жакшылык, сый талап кылбастан кызмат көрсөтүү.
Сурадым: Жакшы турмушту эмне берет?
Ал айтты: Үч нерсе-өзүн токтото билүү, чыдамкайлык, талап кылбоочулук.
Сурадым: Согуштагы ийгилик эмне менен жетишилет?
Ал айтты: Туура чечим, күч жана кыраакылык менен.
Сурадым: Өзүнүн кемтиксиздигине карабастан, ошондо да дагы бир нерселерге муктаж кылган буюмдар барбы?
Ал айтты: Алар үчөө- акылман акылдуу болсо да, кеңешке муктаж, аскер адамы-канчалык күчтүү болбосун амалкөйлүксүз эч нерсе кыла албайт, динчил адам беш жолку намазга муктаж.
Сурадым: Сенин өтүнүчүңдү качан канааттандыра алышат?
Ал айтты: Качан гана мүнөзү жакшы жана адамдын сураганын айтырбай билгенге кайрылганда. Талабың так маалында суралса, ошондо эмне эксең ошону оросуң.
Сурадым: Өзүнүн өйдө ылдый жүргөнүнө карабастан, ким бактылуу боло алат?
Ал айтты: Өзүнүн жүрүм-турумуна жараша экөө: ишине берилген адам менен эрине ала жип аттабаган аял бактылуу болот.
Чогулткан Асылбек БЕКТЕНОВ
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ