Menu

Коррупциялык тендерге премьер-министр Темир Сариевдин жардамчысы Нурбек Султановдун жана “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрүнүн тиешеси бар экендиги айтылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-апрелде Жогорку кеңеште болуп өткөн Балыкчы – Корумду жана Бишкек — аэропорт «Манас» жолунун курулушундагы мыйзам бузууларды иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда коррупциялык тендерлерге премьер-министр Темир Сариевдин жардамчысы Нурбек Султановдун жана дагы “Ак шумкар” партиясынын эки мүчөсүнүн тиешеси бар экендиги айтылды. Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна “Көчмөндөр оюнуна” келген меймандар келгинче тез бүтүрүлсүн деген максатта кыргыз мамлекетинин бюджетинен эбегейсиз чоң сумма – 6 миллиард 830 миллион сом бөлүнгөн. Кыргызстандын тарыхында жол курууга бөлүнгөн миллиарддаган акчаларды жеңип алган чет элдик компаниялар ал сумманын 10-20%ын тендерди утуп алууга жардам берген кыргыз жетекчилерине тымызын накталай кайтарып берери көптөн бери айтылып да, жазылып да келет. Азыр 2016-жылга жол курууга бюджеттен бөлүнгөн 8 миллиард акчаны өз көзөмөлүнө алуу үчүн премьер-министр Темир Сариев менен Транспорт министри Аргынбек Малабаевдин ортосунда айыгышкан кармашуу жүрүп жатат.
2015-жылы 22-октябрда өткөн Балыкчы-Корумду жолун курууга тендер коррупциялык жол менен өткөрүлгөнү быйыл февралда билинип, ага премьер-министрдин да тиешеси бар деп шектелген жана атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал эми транспорт министри Аргынбек Малабаев бул тендер премьер-министр Темир Сариевдин кызыкчылыгында өткөрүлгөн деп ачык эле айыптап чыкты.
“Премьер-министрдин жардамчысы, мамлекеттик кызматкер Нурбек Султанов, бул тендерди көзөмөлдөгөн Транспорт министринин орун басары, мамлекеттик кызматкер Улан Уезбаев (министрдин орун басарын министр эмес, премьер-министр дайындайт – ред.), жана тендерди утуп алган кытайлык “Лонг Хай” жеке менчик фирмасынын Кыргызстандагы өкүлү Азамат Жунушалиев үчөөсү аябай жакын, кыйышпас достордон болуп саналат. Үчөөсү күн сайын болбосо да бир жумада бир жолугушуп, бирге эс алышып, мамилелери аябай ысык. Ошондуктан укук коргоо органдары бул маалыматты да иликтеш керек”, – деди КСДПчы депутат, депутаттык комиссиянын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев 6-апрелдеги отурумда.
“Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын өкүлдөрү Азамат Жунушалиев, Эрнис Жунушалиев жана Темир Сариевдин жардамчысы Нурбек Султанов үчөөсү тең Темир Сариевдин “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрү. Азыр бул үчөөсү тең Ысык-Көлдө жол куруп жаткан кытайлыктар менен жүрүшөт”, – деп кошумчалады транспорт министри Аргынбек Малабаев.
Демек, партиясы парламентке келбей калса да премьер-министрликке дайындалган Темир Сариев “майлуу-сүттүү” жерлерге “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрүн тыга берген турбайбы. Парламенттик мамлекеттерде мындайга такыр жол берилбейт. Ошондой эле мындай оор кылмыштарга шектелген премьер-министрлер былтыйып, креслосуна жабышып олтура бербей, иликтөө калыс өтсүн деп өздөрү дароо отставкага кетет. Бирок мындай саясый маданияттан такыр алыс адамдар акыр аягына чейин жабышып, жамбашына тепки жемейинче олтура берерин бүгүнкү тарых далилдеп жатат.
Белгилүү болгондой кечээ, 6-апрелде Алмаз Атамбаев УКМКнын Антикоррупциялык кызматына бул фактыларды тыкыр иликтеп, юридикалык баа берүүнү тапшырды.
Бул күнкү комиссиянын отурумунда КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев төмөнкүлөрдү билдирген: «2015-жылдын 25-сентябрында премьер-министр Темир Сариев өкмөттүк жыйын өткөрүп, биздин Транспорт министрлигине жаңы жолдорду салууга тендерлерди өткөрүүнү тапшырды. Бул максатта 2016-жылга бюджеттен 8 миллиард сом бөлүнгөн эле. Быйыл күзүндө өтө турган «Көчмөндөр оюнуна» байланыштуу Бишкек — аэропорт «Манас» жана Балыкчы – Корумду жолдорун быйыл салып бүтүрүшүбүз керек эле. Биринчи маселе болгон Балыкчы – Корумду жолун салуу боюнча тендерди өткөрүү биздин министрликке тапшырылганы менен премьер-министр 2015-жылдын 13-октябрында министрликти аттап, акча каражаты түз эле Жол чарба департаментине бөлүп берилсин деп Каржы министрлигине буйрук берди жана Балыкчы – Корумду жолун курууга жооптуу кылып Жол чарба департаментин бекитти. Алардын үстүнөн көзөмөлдөө ишин премьер-министр өзүнүн аппаратына тапшырды. Эреже боюнча өкмөттүн справка-негиздемеси болуш керек эле, бирок мага, транспорт министрине ал кагазды көрсөтүшкөн жок. Ал негиздемеге менин орун басарым Улан Уезбаевдин колун койдуруп алышыптыр да Темир Сариев N 508-токтомду чыгарыптыр. Ал токтомдун негизинде Жол чарба департаменти өзүнүн буйругун чыгарып, тендердик комиссия түзгөн. Мыйзам боюнча тендер эки жума мурун жарыяланышы керек. Булар мыйзамды аттап 21-октябрга тендер жарыялашкан. Бирок, 21-октябрга чейин 2 Кыргызстандык компания жана 1 Түркиялык компания документтерин тапшырып, кытайлык «Лонг Хай» компаниясы үлгүрбөй калгандыктан мыйзамды одоно бузуу менен тендерди 22-октябрга жылдырышкан. Ушундан кийин гана мага менин орун басарым Улан Уезбаев маалымат берген (министрлердин орун басарларын премьер-министр гана дайындайт — ред.). Бирок, текшере келгенде ал маалыматтар так эмес чыкты. Мен өзүм иликтеп көрсөм кытайлар Улан Уезбаев жана Темир Сариевдин жакын кишилери менен сүйлөшүп, тил табышып алышыптыр. Ошондуктан алар кытайлык «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыктарын коргоп жатышкан экен. Айтылгандай эле 22-октябрда тендерди кытайлык «Лонг Хай» компаниясы жеңип чыкты кылышкан. Бул фактыларды азыр премьер-министр Темир Сариев элден жашырып жатат. Биринчиден, мен өзүм Бишкекте болсом эмне үчүн мага кол койдурушпай менин орун басарыма кол койдурушат? Мекемелер аралык комиссия да Темир Сариевдин буйругу менен түзүлүп, ал буйрукта «министр жоопкерчиликти албаганына байланыштуу жоопкерчилик толук бойдон орун басарына өткөрүлүп берилсин» деп жазылган. Ошол, 12-13-14-октябрларда мен Бишкекте, өз иш ордумда эле болгомун. Булар менин министрлик ыйгарым укуктарымды чектеп, тендерди одоно мыйзам бузуулар менен өткөрүшкөн. Тендердик комиссиянын төрагасы Жумаш Соодонбаев (Жол чарба департаментинин башкы инженери) азыр түшүнүк кат жазып берген. Анда ал тендердик комиссияга өкмөттөн «ишти тез бүткөргүлө» деп эбегейсиз басым жасашканын жазган. Тендердик комиссия тендерге катышып жаткан эки кыргыз компаниясын «силер арзан жасай албайсыңар» деп түртүп салган, ал эми Балыкчы-Корумду жолун кытайлардан арзан салып берүүнү сунуш кылган Түркиялык компанияны «лицензияңар жок» деген шылтоо менен чыгарып салышып, кытайлык «Лонг Хай» компаниясын жеңүүчү деп аташкан. Бирок, «Лонг Хай» компаниясы да тендерге лицензиясы жок катышкан. Мыйзам боюнча мындай жолдорду салууга тендерге 2-даражадагы лицензиясы бар гана компаниялар катыша алат. Тендерди октябрда утуп алган «Лонг Хай» компаниясы ноябрда гана Мамархкурулуштан жана Юстиция министрлигинен 3-даражадагы лицензия алган. Бул 3-даражадагы лицензия жол оңдоого гана укук берет, жол салганга укук бербейт.»Лонг Хай» компаниясында премьер-министр Темир Сариевдин жакын кишилери иштейт, ошондуктан бул компанияда Темир Сариевдин кызыкчылыктары бар. Ушул себептен «Лонг Хай» компаниясы миллиарддаган сомдорду чапчыган тендерлерди мыйзамдарды одоно бузуп утуп алып жатат. Азыр «Лонг Хай» компаниясы өзүнүн техникасы жана жол куруу тажрыйбасы, адистери жок болгондуктан эки кыргыз компаниясын жалдап алып жол салдырып жатат. Бул жолдордун сапатына ким жооп берет?», — деп баяндады КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: