Парламентте 2010-жылы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамдын түпкү нускасынын кайда экени тууралуу талаш чыкты. Депутат Данияр Аттокуров укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Баш мыйзамдын түпкү нускасы кайда экени тууралуу маселе көтөргөнүн айтып, аталган нуска кайда экенин тактоону өтүндү.
Бул суроого юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева мыйзам боюнча түпкү нуска президенттин аппаратында сакталарын билдирди. Ал эми Юстиция министрлиги президенттик аппараттан келген Баш мыйзам көчүрмөсү экенин ырастады.
Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев президенттик аппараттын архивинен, кеңсесинде аталган түпкү нусканын жок экенин, учурда анын кайда экенин билбей турганын маалымдады.
Мындан соң «Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко муну иликтөө зарылдыгын айтып, комиссия түзүүнү сунуштады.
Буга чейин активист Токтайым Үмөталиева 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын түпкү нускасы менен элге чыгарылган варианты айырмаланып калганын айтып чыккан эле.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ