Кыргызстанда бүгүн, 6-июлга карата коронавирус жуккан жаңы 314 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн-брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 7 691 адамга жетти.
“Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Акыркы сутка ичинде COVID-19 жуктурган 314 адамдын баары вирус жуктургандар менен байланышта болгондор”, – деп билдирди ал.
Ал эми сутка ичинде 41 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2843 бейтап айыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ