Депутат Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, ага өзүн Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү деп тааныштырган Бектур Калиев аттуу адам чалган. Ал суракка келүүнү суранган. Бирок, депутат тергөө органдарынан расмий чакыруу алган эмес.
Элвира Сурабалдиева кайсы маселе боюнча суракка чакырылып жатканын тактаган эмес, шайлоого карата үгүт иштери менен региондордо жүргөнүн айткан. Анда тергөөчү Бишкекке келгенде байланышып, суракка келүүнү айткан.
“Бишкекке келип, юристтер менен кеңештим, алар мыйзамда талапкерге үгүт иштери аяктаганга чейин тергөө иш-чараларына барбоого мүмкүнчүлүк бериле турганын айтышты” – дейт депутат.
Белгилей кетсек, Элвира Сурабалдиева 2020-жылдагы шайлоодо “Ата Мекен” партиясынан талапкерлигин койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ