Акыркы күндөрү эски бийликтин жогорку кызматта туруп, элге “ак кызмат” өтөгөн чиновниктеринин өлкө аймагынан чыгып кеткендиги тууралуу каңшаар кептер көп айтылууда. Жакында эле УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева өлкөдөн алыс качкандыгы сөз болууда. Тилекке каршы, тийиштүү органдар А. Атамбаевдин кланынын жасоолдору катары белгилүү болгон бул эки үлкөндүн качкан же качпагандыгын тастыктай элек.
Бул аралыкта А. Атамбаевдин кадр саясатын көшөгө артында жүргүзүп келген жана башкы “кошелогу” аталган айтылуу “шоопур” ылакап аты менен белгилүү Икрам Илмиянов да куйрукту түйгөндүгү чындыкпы? Азырынча ага карата расмий кылмыш иши козголо элек. Бирок укук коргоо органдары Икрамга укурук салып, Бишкектен да, кичи мекени Лейлектен да издеп таппай аткандыгын кулагыбыз чалды.
Баса, өткөн дем алыш күндөрү Баткен тарапта Икрам жана анын командасы чоң бир иш чара өткөрүптүр. Бул көкбөрүгө катышкандар Икрамдын өзүн көрбөгөндүгүн айтышты. Сыягы, алар кокус бийлик чындап эле кылмыш ишин козгосо, элди калканч катары пайдаланып, колдоо издөөнү көздөшсө керек.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ