Кыргыз Республикасы бул күндөрү Катар Мамлекетинин Маданият жана спорт министрлигинин калкасы менен Доха шаарында өтүп жаткан 30-чу Доха эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышып жатат (2020-жылдын 9-18-январы).
Доха эл аралык китеп көргөзмөсү Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин колдоосу менен жыл сайын уюштурулат жана бул көргөзмө региондогу эң байыркы жана ири эл аралык көргөзмөлөрдүн катарына кирет.
Кыргызстандын павильонунда чет тилдерге которулган, анын ичинде араб тилине которулган улуу жазуучу Ч.Айтматовдун китептери көргөзүлүп жатат. Андан тышкары, павильондо Кыргызстан тууралуу видеороликтер көрсөтүлүүдө.
Китеп көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде, Кыргызстандын павильонун Катар Мамлекетинин Мажлис Аш-Шурасынын Төрагасы (Парламент) Ахмад бин Абдалла бин Зайед Аль-Мухаммад, Маданият жана спорт министри Салах бин Ганим Аль-Али, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, дипломаттар, студенттер ж.б. келип көрүп кетишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ