2017-жылдын 15-ноябрь күнү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында орто мектептердин окуучулары үчүн ачык эшик күнү уюштурулду. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Бул иш-чара окуучулардын келечектеги кесибин тандоого багытталган. Иш-чараны Бишкек ШИИББнин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Талант Иманкадыров Кыргыз Республикасынын Гимнинин коштосунда ачты.
Андан кийин, башкармалыктын тез чара көрүүчү атайын отрядынын кызматкерлери камакка алуу жана өзүн-өзү коргоо боюнча күрөштүн үлгүлүү натыйжаларын көрсөтүштү. Бишкек ШИИББнин тескөөчүлөрү тарабынан балдар үчүн кызыктуу болгон бөлүмдөргө экскурсия сапары уюштурулду. Андан ары окуучулар Бишкек ШИИББнин музейине сапар алышып, Эксперттик-криминалисттик бөлүмүнөн аякташты. Иш-чаранын экинчи бөлүгү Бишкек ШИИББнин жыйын залында улантылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ