Menu

Фото – Жалалабаддыктар Ноорузду майрамдашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянты Ноорузду майрамдагандарга толуп, областтын жана шаардын жетекчилери шаар тургундарына жана конокторуна куттук айтуу менен жакшы каалоолорду ыроолошту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев жана башкалар Нооруз майрамы жалпы журтту бириктирүчү, ынтымакка алып келүүчү, эртеңки күнгө карай ишенимдүү кадам таштоосуна шык берүүчү күч экенин белгилешип, анын кылымдардан берки таржымалына токтолушту.

Майрамдык салтанатты областтык филармониянын, Барпы драмалык театрынын, шаардык маданият сарайынын өнөрпоздору көркүнө чыгарышып, шаардыктарга кеңири программадагы концертти тартуулашты. Эркиндик аянтында жана Барпы драмалык театрынын алдында азык-түлүктөр, кол өнөрчүлүк буюмдары кеңири коюлуп, көргөзмө уюштурулду.

Майрамдык сейилдөө учурунда шаардыктарды коомдук тамактануу субъекттери, ар түрдүү аттракциондор, оюн-зоокторду уюштурушкан атайын эс алуу жайлары тейлешти. Областтык жана шаардык спорт мекемелери тарабынан спорттун бир нече түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, жыл сайын Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы ири коомдук-маданий иш-чара катары салтанаттуу белгиленет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: