Журналист Дайырбек Орунбековго козголгон кылмыш ишинин айыбы угузулуп, ага кайрадан чектөө коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Кyrgyztoday маалымат агенттигине Дайырбек Орунбеков өзү билдирди.
“Мага карата козголгон кылмыш иши боюнча айып угузулуп, кечээ Кыргызстандын аймагынан кетпөө чектөөсүн киргизишти. Эми Октябрь РИИБи кылмыш ишин прокуратурага жиберип, алар сотко өткөрүшөт”, – дейт журналист.
Эскерте кетсек, Орунбековго Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтиргендиги үчүн сот милдеттендирген 2 млн сом моралдык чыгымды төлөбөй, Атамбаевди жана Убактылуу өкмөттү Ош коогалаңына айыптап жазган макаласынан баш тартпай жатат деп Октябрь РИИБи кылмыш ишин козгогон.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ