Menu

Атамбаев чек аралар боюнча бардык эл аралык келишимдерди текшерүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт менен ТИМ башчысына чек ара маселелерине байланышкан бардык эл аралык келишимдер менен макулдашууларды, протоколдор менен меморандумдарды текшерип чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкө башчысы кыргыз эли өзүбүздүкү деп эсептеген жерлерди мурдагы президенттер менен кызмат адамдары коӊшулардыкы деп тааныган фактылар мезгил-мезгили менен ачыкка чыгып жатканы белгиледи.

“Мындай жерлер боюнча маалыматтарды чиновниктер бекем жашыргандыктан, алар тууралуу элге гана эмес, өлкөнүн азыркы президентине да белгисиз болуп келген. Эл ошол кездеги кызмат адамдары кол койгон мындай “келишимдер” тууралуу чындыкты билүүгө тийиш. Ал документтер ратификациялана элек жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо да, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык келечектеги макулдашуулардын негизин түзүп калган. Ошондуктан азыр алар кыйла кыйынчылыктарды жаратып, Кыргызстандын улуттук таламдарын талашууга чоӊ тоскоол болууда», – деди президент.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: