Кыргызстандын Чек ара кызматынан маалымдашкандай, бул тууралуу 23-августтагы сүйлөшүүлөр учурунда маалым болгон.
Өзбек тарап радиорелейлик станциянын кызматкерлери процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кармалганын, алар боюнча чочулоого негиз жоктугун билдиришкен. Үңкүр-Тоо аймагында азыр абал тынч, тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууда.
22-августта Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка түшүргөн. Кыргыз тарап Өзбекстандан Үңкүр-Тоого өзбек милициясынын келишине түшүндүрмө сурап, аларды тез арада алып чыгып кетүүнү талап кылууда.
Буга чейин 13-августта кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Өзбекстандын милиция кызматкери 22-августта Ала-Бука райондук соту тарабынан айыппул салуу менен бошотулуп, өзбек тарапка өткөрүлүп берилген.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ